Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Перзентиңерге мээримдүүлүк кылгыла




Перзентиңерге мээримдүүлүк кылгыла


* Балаңызга намаздын маанисин түшүндүрүңүз жана сөзсүз намаз окутуңуз. Намаз окуусуна кедерги болгон бардык нерсенин жамандыгына себеп боло тургандыгын билүүсү керек жана билдирүүңүз керек. Анын келечегин кепилдикке алуу жакшы мусулман болуусу менен мүмкүн. Диплом менен келечек кепилдикке алынган болбойт. Жакшы мусулман болгондон кийин диплом ишке жарайт. Ошондо өзүнө да, башкаларга да көбүрөөк пайдалуу болот.

* Дүнүйөдө саадат, акыретте Жаннат эки нерсе менен жеңил болот: Бири – Аллаху тааланын бир сүйүктүү досуна жетүү жана ал тарабынан кабыл болунуу. Экинчиси болсо – туура окулган намаз.

* Бир дин улугун тааныган адам ансыз да намаз окуйт. Таанып туруп намаз окубоо болбойт. Мындайча таануу тааныгандык болуп саналбайт. Намазсыз акырет болбойт. Намазсыз Аллахка жетүү мүмкүн эмес, намазсыз жашоо болбойт, намаз – бардык нерсенин башы. Намаздарды кечиктирбестен окуу керек. Сүйүү менен окуу керек. Шарттарына ылайык окуп, өрнөк болуу керек. Балдарыңарга жеп-ичүүдөн мурда намаздарын убагында окууларын үйрөткүлө, окууларын буйрук кылгыла.

* Мээрим – доктурдун оорулуу адамга боор ооруусу сыяктуу. Чыныгы мээримдүү доктур – оорулууну куткарган доктур. Бир ата менен эненин мээрими дагы анын мээрим сыяктуу болуусу керек. Намаз окубаган балага мээримдүүлүк кылбоо, боор оорубоо, жардам бербөө, бул оорунун чарасын карабоо мээримдүүлүк деп эсептелеби? Ал жердеги мээримдүүлүк, боор ооругандык болуп көрүнгөн нерсе – негизинде мээримсиздик. Балдарын өз колдору менен жамандыкка түртүшүүдө. (Операцияга бараткан балага энеси боор ооругандыктан жашырып тамак жегизип коет. Доктурлар баланы өлүмдөн араң дегенде катарышкан.)

* Эне-ата эгер балдарына дин улуктарына болгон сүйүүнү, Исламияттын сүйүүсүн бере алышпаса – алардын эң башкы душманы. Напсине берилген эне-ата, башкача айтканда, балдарын напси үчүн сүйгөн эне-ата – балдарынын эң чоң душманы.

* Балдырңарды дин улуктарынын жанына алып баргыла. Балдарыңарды жаныңардан чыгарбагыла. Балдарыңардын агасы да атасы да болгула. Көндүргүлө, жакшы жерлерге алып барууга. Балаңызга айтыңыз: «Балам, өзүңдү да күйгөзө көрбө, мени да күйгүзө көрбө, себеби, баланын кылганы эне-атага барат. Аллах коргосун, өзүң да жамандыкка кетесиң, мени да алып барасың. Ушунча эмгектер текке кетет. Себеби, энеге жана атага баланын жасаган бардык нерсеси эселеп жазылат, жакшылк кылса жакшылык жазылат. Жамандык кылса жамандык жазылат.»

* Балдарыбызга Курани карим үйрөтөлү сөзсүз. Курани карим окушсун. Баласына Курани карим окуткан эне-атага дагы көп сооп жазылат.

* Балдырыңарга сөзсүз ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен бир нерсе окугула, алардын көңүлү азып таптаза. Бул таза көңүлгө азыр эмнени салынса ошол нерсе түбөлүктүү болот. Алар менен бирге китеп окубастан жатпоо керек. Сөзсүз бир нерсе окуу керек.

* Динибиз харамдан сактанууга өтө маани берүүдө. Буларды үйрөнүү, сактануу керек. Имам раббани хазреттери мындай деп буюрууда: «Бир адам бүткүл пайгамбарлардын ибадаттарын орундаса, үстүндө башка бирөөнүн бир тыйын акысы бар болсо, муну өтөбөстөн же хак ээси менен адалдашпастан Жаннатка кире албайт.»

* Момундун көңүлүн сындыруу – өтө чоң харам. Бир момун бир момундун көңүлүн сындырса 70 жолу Каабаны жыгуудан да чоң күнөөгө кирет. Буларды окуу, үйрөнүү керек.

* Бала – Аллаху тааланын аманаты, алар менчик эмес, ээлик кылбагыла, Ислам тарбиясын бергиле, динибизди үйрөткүлө. Алар – силерге аманат. Силер алардан жоопкерсиңер. Көп мусулман аларды өзүнө менчиктеп алардын напсилерин кутуртууларына, жолдон чыгууларына себеп болушкан.

* Балдарыңарды жакшы мүнөздүү, дини бүтүн киши менен үйлөндүргүлө. Сулуулугуна эмес, малы-мүлкүнө эмес итикадына (ишенимине) карагыла.

* Балдарыңарга жакшы бир ысым, мусулман ысымын койгула. Эң маанилүүсү – динибизди туура үйрөткүлө. Ахли сүннөт аалымдарынын баалуу китептеринен үйрөткүлө, дин деп динсиздикти, мазхабсыздыкты үйрөтпөгүлө.

* Бала-бакырабызга мээримдүүлүк кылалы, аларды оттон коргойлу. Балам окусун, Америкага барсын, Европага барсын дегенден мурда балам Жаннатка барсынбы же Жаханнамгабы, алгач ушуну ойлоо керек. Дүнүйө жашоосу өткүнчү. Мындай кыска бир өмүр үчүн жандай көргөн балаңызды отко түшүүсүнө кантип ыраазы болосуз?

* Баласына Аллахты үйрөтпөгөн, баласына Пайгамбарды үйрөтпөгөн, баласына отту билдирбеген, намазды үйрөтпөгөн, Курани каримди үйрөтпөгөн ата баласынын дүнүйөсүнүн да, акыретинин да кыйроосуна себепчи болот. Дүнүйөнүн эң мээримсиз атасы болот. Эне дагы намазга тургузбаса дүнүйөнүн эң мээримсиз энеси болот. Бала үшүп калат деп аяса мээримдүүлүк бул эмес. Эгер доктур оорулууну операцияга жаткырып жаткан болсо бул мээримсиздик деп саналбайт. Ал муну азаптан куткаруу үчүн кылууда. Демек, эне-ата канча мээримдүү болсо ошончолук баласына Исламиятты үйрөтүүчү болот. Эне-ата канчалык мээримсиз болсо ошончолук баласына дүнүйөнү үйрөтүүчү. Акыретти унуттуруучу. Өлчөм мына ушу. Бала ар күнөө кылган сайын эне-атасына да жазылат. Ошондой эле, ар ибадат кылган сайын эне-атасына сооп жазылат. Бир бак же мөмө байлап жемиш берет же отто күйө турчу отун болот. Мөмө берчү бак өстүрүп жатасызбы же отко кете турчу отун өстүрүп жатасызбы, мына ошону ойлоо керек.

* Көңүлдүн ырыскысы – дин илими. Адам баласы окубай, дин илимин үйрөнбөсө көңүлү ырыскысыз калат. Күнөө кыла баштайт, ооруп, акыры өлөт. Анын өлүүсү дегендик, Кудай сактасын, ыймансыз капыр болуусу дегендик.

* Улууларды, тагыраагы, ахли сүннөт аалымдарын издеген адам аларды китептеринин арасынан издесин, китептеринин саптарында издешсин деп буюрулууда. Улуулардын китептери дары сыяктуу. Дары колдонбогон адам шыпаа таба албайт. Аллаху таала истигфар кылсаңар жардамыңарга жетишемин деп буюрууда. Ла хавла зикирин көп окугула.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш