Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Силерге үй алдык, бирок, бул жерден эмес




Силерге үй алдык, бирок, бул жерден эмес


Ахли сүннөт ишенимине ээ болгон бир адам буйрук кылынгандарды орундап, харам нерселерден да сактанса түбөлүк саадатка жетет. Имам Газалинин (рахматуллахи алейх) буга байланыштуу өтө сонун бир мисалы бар:

«Бир доктур оорулуусун эмдеп, кийин ага мындай дейт:

- Сен оорулуусуң! Сага үч күнгө диета жазам. Эгер мени угуп, булардан сактансаң шыпаа табасың, өмүр бою тынчтык ичинде жашайсың! Эгер айткан сөзүмдү аткарбасаң ооруң күчөп, эмделүүң мүмкүн эмес абалга келип, өмүр бою азап чегесиң.

Акылдуу киши доктурду угат, үч күн диета кармайт, калган өмүрүн кыйынчылыксыз өткөрөт...»

Бул үч күн өмүр менен салыштырылганда канчалык кыска болсо, дүнүйөдөгү жашоо дагы акыреттеги жашоого караганда кыска. Саналуу күндөрдү чексиз түбөлүк убакыт менен салыштырууга болобу?

Бир күнү Хабиб Ажеми хазреттеринин зыяратына Хорасандан карыган бир киши менен аялы келет. Алар ажылыкка барууга ниет кылышкан эле. Ажылыктан кайткан кезде Басрада отурукташуу жана калган өмүрлөрүн Хабиб Ажеми хазреттеринин жанында өткөрүүлөрү келген эле. Бул үчүн бир үйгө муктаж эле. Чогулткан он миң дирхамды узтазга беришип:

- Биз бул жерде чоочунбуз. Бизге ылайык бир үй алууңуз үчүн сизди өкүл кылып дайындадык дешти дагы, коштошуп жолго чыгышты.

Ал убакта саякаттар төөлөр менен кылынгандыктан жолчулук узак убакытка созулчу эле. Ажылыкка жолго чыккандар шаардан чыккандан кыска убакыт өткөн соң чоң бир ачарчылык башталды. Азык-түлүк баалары болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Колунда бар байлар гана бир нерсе таап, кедейлер өтө кыйналышты.

Ушундай чакта Хабиб Ажеми хазреттери шакирттери менен истишара кылды:

- Хорасандык ажы бизге үй алып коюңуз деп акча калтырды, «дүнүйөдө үй ал» деген жок. Биз анын бул акчасы менен азык-түлүк алып, кедейлерге таратсак, алар үчүн Жаннаттан бир үй алган болобуз. Бул алар үчүн андан да жакшы болот. Эгер кабыл кылбай турган болсо акчасын беребиз.

Шакирттери дагы устаздын бул пикирин ылайыктуу деп көрүшүп, ошондой кылышат. Бир нече убакыт өткөн соң ажылар кайтып келишти. Баягы киши келип үйүн сураганда ага мындай деп жооп берилди: «Биз сизге үй алдык, бирок, бул жерде эмес, Жаннатта!»

Кийин болгон окуяны түшүндүрүштү. Ал киши буга ыраазы болуп, окуяны аялына айтып берди. Аялы дагы буга ыраазы болуп, бирок, мындай деди:

- Бизге Жаннатта үй алгандыгына байланыштуу бир сенет (далил) берсин, ушундайча көңүлүбүз жай алсын.

Абалды билдиришкенде Хабиб Ажеми хазреттери кагаз сурады да:

«Бимиллахиррахманиррахим. Хабиб Ажеминин баланча Хорасандык адам үчүн Жаннатта сатып алган сарайдын сенеди» деп жаздырып, ал адамдын колуна тапшырышты.

Ижарага үй алып, отурукташышат. Бир канча ай өткөндөн кийин баягы адам кайтыш болот, аялы күйөөсүн түшүндө көрүп, ал ахыбалын сурайт. Жакшы абалда экендиги анын көңүл маанайы ачык экендигинен билинет. Минтип жооп берет:

«Бизге сатып алынган үйүбүздөбүз, сени күтүүдөмүн!»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш