Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Качышы мүмкүн болбогон акыбет баарыбызды күтүүдө




Качышы мүмкүн болбогон акыбет баарыбызды күтүүдө


Жер бетинде жашаган бүткүл адамзаттын атасы жана биринчи Пайгамбар Адам алейхиссалам топурактан жаратылды. Ушундай улам биз дагы топурактан жаратылдык. Жей тучу нерселерибиздин бардыгы өсүмдүктөрдөн же жаныбарлардан. Экөө тең топурактан жаралууда. Таха сүрөсүнүн 55.аяти каримасынын маанисинде: «Силерди топурактан жараттык, кайра топуракка кайтасыңар. Экинчи жолу дагы силерди топурактан чыгарабыз», - делүүдө.

Жаратылуубуздагы максат – Раббибизди таануу, ага ибадат кылуу үчүн. Периштелер Аны таанып жана ибадат кылышчу. Алар өз каалоолору менен эмес жаратылыш табиятынан Аллаху тааланы таанышат жана буйруктарын эч аксатпастан орундашат. Раббибиз өз каалоолору менен ыйман келтирип, Өзүн тааный турган, харамдардан сактанган бир барлыктын болуусун каалады. Сыноо үчүн дүнүйөгө келдик, сынак бөлмөсүндөбүз. Сынак бүткөндө бөлмөнү таштап кетебиз. Өлүм эч кимди калтырбай колго түшүрөт, бара турчу жерибиз – топурак. Жолдошубуз курт-кумурска, сүйлөшө турчуларыбыз – Мункар жана Накир периштелери, төшөгүбүз мазар, дайым тура турчу жерибиз - топурак, токтой турчу жерибиз - кыямат, акыркы бара турчу жерибиз болсо  - Жаннат же Жаханнам. Андай болсо эң көп ойлонулуусу керек болгон нерсе өлүм болуусу керек. Өлүмгө даярдыктуу адам ырахаттыкка жетип, саадатка ээ болот. Узак болгон нерсе – келбей турчу нерсе. Сөзсүз келе турчу нерсе болсо жакын. Жума сүрөсү 8.аяти каримасында: «Айткын, туурасы силер өзүнөн качкан өлүмгө сөзсүз колго түшөсүңөр, кийин, көрүнгөндү да, көрүнбөгөндү да билген Аллахка кайтарыласыңар. Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет», - деген мааниде буюрулууда.

Бир арап акыны ырында мындай деген: «Топурактан жаратылдым, тирилдим, кыймылдай алуудамын, сүйлөй алуудамын, айтылган нерселерди түшүнүүдөмүн. Кийин өлгөн абалда кайрадан топуракка кайттым. Кудум эч топурактан чыкпагандай болдум, бир гана айырма бар; Топурактан чыгарда күнөөсүз элем. Топуракка көптөгөн күнөө менен кирүүдөмүн.»

Адамдар бактылуулук издешүүдө. Алардын бул изденүүлөрү жаңы эмес. Жаратылгандан бери аны издешүүдө. Бул изденүүнү кыяматка чейин улантышмакчы.

Бактылуу адам – өз абалына ыраазы жана келечегинен ишеничтүү болгон адам. Мунун тескериси болсо – бактысыздык жана тынчсыздануу.

Келечек тууралуу тынчсыздануу – адамдарды бактысыздыкка түрткөн эң маанилүү нерсе. Көңүл бөлүнө турган болсо дүнүйөдөгү бир нече тынчсыздыктын түбүндө бул буйшамандыктар жатат.

Өлүмдөн корккон, өлүмдү жолдо өзүн күтүп турган жана кезиккенде сөзсүз жанына ала турган жаныбар деп ойлогон адам кантип бактылуу болот? Качышы жана кутулушу жок болгон бир акыбет баарыбызды күтүүдө.

Өлүмдү эстегендин баары пайдада, нематтарды ичинде болгон болсо көөп кетпейт. Текеберленбейт, колундагыларды аманат деп билет. Оорукчан жана кедей болгон адам болсо жаны жай. Канткен күндө да бул кыйынчылыгым акыры бир күн бүтөт деп артыкча кам чейпейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш