Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сооптор күнөөлөрдү жоёт




Сооптор күнөөлөрдү жоёт


Жакшылыктарыбыздын, соопторубуздун көп болуусу дүнүйөдө да, акыретте да сыйлуу, ардактуу, бактылуу болууга себеп болот. Ошондой эле, сооптордун көп болуусу күнөөлөрдү өчүрөт. Курани каримде: "Албетте, хасанат сайиатты жок кылат", - деп айтылган. (Худ сүрөсү, 114) (Хасанат - жакшылыктын бардык түрү, ал эми сайиат - ар түрдүү жамандык деген сөз.)

"Бир жакшылык кылган адамга он эсеси берилет." (Анъам сүрөсү, 160) 

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган: 

"Бир күнөө кылган кезиңде артынан дароо бир жакшылык кыл, сооптуу бир иш кыл, ошол күнөөнү жоюп жиберсин!" (Байхаки) 

"Кайда, кандай жагдайда болсоң да, Аллахтан корк жана жамандыктын артынан бир жакшылык кыл дагы, аны жок кылсын!" (Тирмизи)

"Бир жакшылык кылууну ойлоп, бирок, кыла албаган адамга Аллаху таала ал жакшылыкты кылгандай толук бир сооп жазат. Эгер ошол жакшылыкты кылса, Аллаху таала (ал кишинин ыкыласына жараша) он, жети жүз жана андан да көп сооп жазат." (Бухари, Муслим)

Жаман болуу, жамандык кылуу өтө оңой, муну барган сайын артып жаткан жамандыктардан да байкоого болот. Жакшы болуу, жакшылык кылуу ар адамдын адатына, ошондой эле амалына айланууга тийиш. Көбүнесе адат ниет иретинде калып кетүүдө. Демек, жакшы ниет менен катар жакшылыкты ишке ашыруу, жакшы эмгектенүү да зарыл. Негизи мусулмандар үчүн мунун жолу оңой. Динибизди туура билсек жетиштүү. Динибизде билдирилген өкүмдөр ансыз деле бардык жакшылыктарга, мээримдүү, эмгекчил болууну буюрат. Диндин өкүмү боюнча жүргөндөр дүнүйөдө да, акыретте да жетиштикке, бактылуулукка ээ болушат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш