Жан тынчтыгы


Адам баласы айлана-тегерегин, мисалы, жерди,  асманды жана жылдыздарды вакуумда айланып  жаткандыгын, кылымдардан бери бири-бири менен  кагылышып кетпестен кыймылдап келе жаткандыгын,  жер бетинде ысыктык, басым, аба, суунун көлөмүнүн,  түзүлүштөрдүн, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн,  жансыз материялардын, атомдордун, клеткалардын,  жалпы бардык болмуштардын түзүлүштөрү менен кыймыл-аракеттериндеги иреттүүлүктү ,  иреттүүлүктү, шайкештикти көрүп, буларды жасаган,  жараткан, кудуреттүү, билимдүү бир ээнин бар  экендигин кааласа да, каалабаса да кабыл кылууга  мажбур болот. Акылдуу адам ааламдагы бул улуулукту,  ошол иреттүүлүктү көрүп Аллаху тааланын бар  экендигине ишенип, мусулман болот. 1966-жылы  мусулман болгон швейцариялык профессор  журналистердин суроолоруна мындай деп жооп  берген: "Ислам китептерин изилдеп чыгып, туура жолду  түшүндүм. Ислам аалымдарынын улуулугун байкадым.  Ислам дини ошол абалында түшүндүрүлсө бүткүл  ааламда акылдуу адамдардын бардыгы чын жүрөктөн  каалап мусулман болот.” 

Адам табият менен өзүн изилдеп, мусулман болгон  соң Ислам аалымдарынын китептеринен Мухаммед  пайгамбардын өмүр-баянын, көркөм мүнөзүн окуса  ыйманы кубаттанат. Ахлак илимдерин үйрөнүп, жакшы  менен жаманды, пайдалуу менен зыяндуу нерселерди  ажыратат. Жакшы иштерди кылып, кемел адам болот.  Дүнүйөдө эркиндикте, бейпилдикте өмүр сүрөт. Аллаху  таала ага ыраазы болот. Акыретте да Аллаху тааланын  мээримине, ырайымына бөлөнөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш