Баалуу насааттар


1 – "Бисмиллах менен башталбаган ар  маанилүү иш кемчиликтүү калат” хадиси шарифин  карманып, бардык ишти Бисмиллах менен баштоо  керек. Аллаху таала Хазрети Исага: "Жатканда,  турганда, отурганда, өйдө турганда, түшкөндө,  чыкканда, токтогондо, басканда Бисмиллахты оку!  Кыяматта бир адамдын амал дептеринде 800  Бисмиллах болсо ал адам мага ишенген жана менин  Илах экенимди тастыктаган болот. Аны Тозоктон  чыгарып, Бейишиме киргиземин!” - деген.  

2 – "Жумушка эрте барган адамдын иши  берекелүү болот жана ийгиликке жетет” хадиси  шарифин карманып, таң эрте туруп, жумушту эрте  баштоо керек. Ибн Аббас хазреттери таң эрте уктап  жаткан баласына: "Ырыскылар таратылчу убакытта  уктоого болбойт. Бул убакта уктоо - жалкоолуктун  белгиси, бул унутчаактыкка себеп болот”, - деген.  "Таңкы уйку ырыскыга кедерги” жана "Намаз  уйкудан жакшыраак” деген хадиси шарифтерди эч  качан унутпастан, багымдат намазын өткөрүп  жибербөө үчүн алдын ала зарыл чараларды көрүү  керек.  

3 – Намаздарды убактысы кирген кезде дароо окуп  алуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын акыркы сөзү  "Намазга көп маани бергиле!” болгон эле. Хусейн  Хилми бин Саид хазреттери да: "Намазга тоскоолдук  кылган иште пайда жок”, - деп айтчу.  

4 – "Адамдын дини досунун дини сыяктуу. Андай  болсо, ким менен достук курганыңарга маани  бергиле!” хадиси шарифинде билдирилгендей бардык  жамандыктардын башы – жаман дос. Андай болсо  салихтер менен дос болуу керек. Ата-бабаларыбыз  дагы: "Досуңдун ким экенин айт, сенин ким экениңди  айтайын”, - дешкен. Жакшы адам болуу үчүн жакшылар  менен бирге бол! Олуяларыбыз: "Ким экениң эмес  ким менен бирге экениң маанилүү”, - деп айтышчу.

5 – "Сага кылынган жакшылыктарды ташка, сага  кылынган жамандыктарды кумга жаз!” - делген.  Хазрети Лукман айтчу: "Эки нерсени унут, эки  нерсени унутпа! Кылган жакшылыктарыңды унут,  муну айтып жүрбө! Анткени, ар айтканыңда сообу  азая берет. Сага кылынган жамандыктарды унут!  Анткени, сабыр кылдың, Аллаху таала сага мунун  сообун берет, ар айткан сайын муну жогото бересиң.  Эки нерсени унутпа! Аллаху тааланы жана  өлүмдү...” 

6 – Тууган болсо да аял-эркек аралаш отурбоо  керек. Тууганы деп маани берилбесе, балдыз-жезде, кайнага-жеңе окуялары көп байкалган.  Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):  "Аялдар менен жалгыз калуудан сактан!” -  дегенде ошол жердегилер: "Аялдын кайын ага-иниси,  жездеси сыяктуу туугандары менен жалгыз калуусу  да туура эмеспи?” - деп сурашты. "Кайын ага-ини  андан да кооптуураак, өлүм сыяктуу”, - деп жооп  берген.  

7 – Абдулкуддус хазреттери: "Убакыттын баркын  бил! Күнү-түнү илим үйрөнүүгө аракет кыл! Илим  үйрөнүү ибадат кылуу үчүн зарыл. Кыямат күнү  амалдан суралат, "Көп илим үйрөндүңбү?” деп  суралбайт. Амал менен ибадат дагы ыкыласка ээ  болуу үчүн зарыл”, - деген. Андай болсо, Имам  Раббани хазреттери билдиргендей, илим, амал жана ыкылас бирге болууга тийиш. Бири болбосо  калган экөөнүн пайдасы жок.  

8 – Зарылдыксыз эч кимди эч кимге жана эч бир  мансапка даттанбоо керек.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш