Кабарың болсун


Кабарың болсун, Аллаху таала бардык нерседен  мурда акылды жаратты. Жана ага илим, зээн, ыкылас,  чынчыл болуу, жоомарттык, тобокел, коркунуч, үмүт деген сыяктуу мүнөздөрүн берген. Мына ушундай акыл менен мартаба  тапкандар жаратылыш максатын, б.а., Аллаху тааланын  улуулугу менен бирдигин тастыктоо аркылуу Анын  ыраазычылыгына жетет. Назият сүрөсүнүн 40-аятында  мындай деп билдирилген: "Аллаху тааланын  алдында коркуп, напсинин каалоолорун тыйган  адамдардын бара турган жери - Бейиш."  

Аллаху таала акылдан кийин напсини жараткан. Ага  жахилдик, шахват, ач көздүк, жалганчылык,  канаатсыздык, ачуулануу, зулумдук, пастык, бузукучулук  жана ширк сыяктуу төмөн даражалуу сезимдерди  берген.  

Мындан мурдагы эки аятта: "Кимде-ким менин  буйругума моюн сунбай напсин ээрчисе, бара турган  жери - Тозок" жана "Зулумдук кылып, жалгыз  дүнүйөлүк жашоону тандаган адамдын бара турган  жери - Тозок", - деп билдирилген. Андай болсо,  адамдар акылын колдонуп, ойлонуп аракет кылууга  тийиш. Эгер ойлонбой аракет кыла турган болушса,  напсин ээрчиген болуп, аягында бара турган түбөлүк  жери Тозок болот. Акылды колдонуп, напси менен  шахватты таштоо керек. Себеби, напси менен шахват  адамдардын эң чоң душманы. Акылын колдонуп, туура  ойлонгондор Аллаху таалага ыйман келтиришет.  Акылын колдонбой, напсин ээрчигендер, ар дайым  адашышат жана Аллаху таалага баруучу жолду эч качан  таба алышпайт.  

Акылы болуп туруп ойлонбогон жана көзү болуп  туруп хакты (туураны) көрбөгөн, кулагы болуп туруп  акыйкатты укпагандар тууралуу Араф сүрөсүнүн 179- аятында "Алар төрт аяктуу айбандар сыяктуу, атүгүл, айбандардан да төмөн", - делген. Мусулмандын  баласы болуп туруп напсинин каалоолорун  ээрчигендер да ошол сыяктуу. Алардын аты гана  мусулман. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш