Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Амалдар ниетке байланыштуу




Амалдар ниетке байланыштуу


Динибизде негизги нерсе - ниет. Жакшы жана туура  ниеттин болуусу шарт. Момундун ниети амалдардан мурда  турат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Аллаху таала  силердин сыртыңарга, көрүнүшүңөргө жана мал мүлкүңөргө эмес, жүрөктөрүңөргө, башкача айтканда, амалдарыңарды кандай ниет менен орундаганыңарга  карайт", - деген. Демек, Аллаху таала адамдын жаңы, таза кийимине эмес, жакшылыктары менен кайрымдуулуктарына, мал-мүлкүнө, мансабына карап эмес,  буларды кандай максат менен, кандай ниет менен  жасаганына карап сооп же азап берет. Аалымдарыбыз: "Йа,  Раббим, бизди ниетибиз жана ыкыласыбыз үчүн кечире көр,  амалдарыбыз үчүн эмес", - деп дуба кылышчу.  

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Бардык амалдар  ниетке байланыштуу", - деген. Диндин негизи ушул. Ар бир  адамдын жүрөгүндө бир ниет жатат. Ал ниет болсо эки түрдүү  болот. Же Аллаху үчүн, же напси үчүн, б.а., дүнүйөлүк үчүн... Ал эми дүнүйөлүк дегенибиз арамдар менен макрухтар.  Аллах ыраазычылыгы үчүн орундалган болсо, мубах болсо  да, ар амалга сооп берилет. Напси үчүн орундалса өмүр бою  балээ-кырсыктарга дуушар болот.  

Бир жакшы ниет бардык дүнүйө өмүрүн акыреттик  соопко айлантат. Бир жаман же туура болбогон ниет да  бардык ибадаттарды дүнүйөлүк жалганга айландтат.  Акырында баары текке кетет.  

Ниет жакшы болсо жакшылыктар алдыбызга  ачылат. Эгер ниет жаман болсо башыбызга жамандык келет.  Бир иш канчалык туура кылынса да эгер ниет туура болбосо,  ал иш дагы туура болбойт.  

Аалымдарыбыз "Балам мектепке, университетке  барарда кандай ниет кылууга тийиш?" деп сурагандарга  мындай деп жооп беришкен болчу: "Йа, Раббим, мындай  максат менен окуп жатамын: биринчиси, ырыскыбыз менен  кийим-кечебизди камсыз кыла тургандай, эч кимге муктаж  болбой тургандай адал акча табуу жана ошол тапкан акча  менен динибиздин буйруктары менен тыюуларына моюн  сунуу. Экинчиси, динибизге кызмат кылып, сенин кулдарыңа  жакшылык кылуу" деп ниет кылуу керек. Ушундай ниет  кылган кезде киши окууда өткөргөн жана кесиби менен  алектенген өмүрү боюнча тынбай зикир сообун алат."


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш