Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өзүн өзү ашыкча сүйүү апаат




Өзүн өзү ашыкча сүйүү апаат


Күнөөнү дайым башкаларга аңтара коюп,  башкаларды кемсинтүү ал адамдын өзүнүн  жамандыгына себепчи болот. Себеби, «Жаман чындык  адамдын өзүн өзү мактоосу» деп айтышкан. Мактануу  бой көтөрүүдөн улам пайда болот. Курани каримде  мындай делет:«Аллаху таала өзүн өзү жакшы көрүп,  мактанганды сүйбөйт». (Локман 18) 

Хадиси шарифте айтылат: «Өзүн өзү жакшы  көргөн куруйт». (Бухари). 

Өзүн өзү жакшы көргөндөр насааттарды кабыл  албайт. Дайым баш ийбестен, мындай эмес деп  өзүнүкүн туура, башкалардыкын жалган чыгарууга  аракеттенет. «Аллаху таааладан корк! Муну кылба!» -  десе дароо каршылык кылат. Бир хадиси шарифте  айтылган: 

«Аллаху тааладан корк!» дегенге «Сен биринчи  өзүңдү кара!» дегенди Аллаху таала сүйбөйт.» (Байхаки). 

Дайым каршылык көрсөтүүнү өнөкөт кылып алып,  «Жок, андай эмес» дей бериш абдан жаман адат.  Себеби, минтип айтуу, «Сен билбейсиң, бул ишти сен  түшүнбөйсүң, сен акмаксың, мен болсо акылдуу жана  билимдүүмүн» дегендикке жатат. Бул болсо өзүн өйдө  көрүп, башкаларга акаарат кылгандык. 

Хадиси шарифте: «Каршылык кылбаганга,  чындыкты билип туруп талашып-тартышпаган  адамга Бейиште бир сарай берилет». (Таберани) 

«Билбеген нерсесинде өжөрлүк кылганга, бул  өжөрлүгүнөн баш тартмайынча Аллаху таала азап  кылат». (И.Абиддунйа). 

«Бой көтөргөн адам чындыкты кичине көрөт,  жокко чыгарат, адамдарга акаарат көзү менен  карайт». (И.Газали).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш