Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кырк алтынчы мектуб




Кырк алтынчы мектуб


Олуялардын жол башчысы, мусулмандардын баш таажысы

Имам Раббани Ахмед Фаруки Серхенди хазреттеринин Мектубат китебиндеги

КЫРК АЛТЫНЧЫ МЕКТУБ

Бул мектуб дагы накиб Сеййид шейх Фаридге "рахметуллахи таала алейх” жазылган. Аллаху тааланын бар жана бир экендиги, Мухаммед алейхиссаламдын Анын расулу экени маалым, айкын, жада калса, бул тууралуу ойлонуу да кажет эмес экендиги билдирилүүдө:

Аллаху таала сизди керим болгон ата-бабаларыңыздын жолунан айырбасын. Алардын эң улуусу болгон алгачкысына жана андан кийинкилердин баарына бизден дуба менен салам болсун! Аллаху тааланын бар экендиги жана бир экендиги, Мухаммед алейхиссаламдын Анын расулу экендиги жана ал алып келген бардык буйруктар менен кабарлардын туура экендиги айдан айкын. Ойлонууга, муну аныктоого кажет жок. Жүрөктүн буларга ишенүүсү үчүн жүрөктүн бузулган болбоосу, руханий ооруга чалдыккан болбоосу кажет. Жүрөк ооруга чалдыккан жана бузулган болсо жүрөктүн ишенүүсү үчүн акыл менен ойлоо, изилдөө керек болот. Ошол жол менен гана жүрөк "тасфия” табат, башкача айтканда, көңүл оорусунан кутулат. "Басирет”, башкача айтканда, көңүл көзүнөн руханий парда көтөрүлүп ачылса буларга дароо ишенет. Мисалы, өт оорусуна чалдыккан адам шекердин даамын сезбейт. Шекердин таттуу экенин ага түшүндүрүү, далилдөө керек болот. Бирок, бул оорудан кутулган соң ага далилдеп берүүнүн кереги жок болот. Оорудан улам далилдеп берүүнүн кажет болуусу шекердин таттуулугуна залакасын тийгизбейт. Чалдыр көздүү адамга бир нерсе эки болуп көрүнөт жана эки киши бар деп ойлойт. Чалдыр көздүү адамдын көз оорусу алдындагы кандайдыр бир нерсенин эки санда болуусун талап кылбайт. Ал эки болуп көрүнгөн болсо да көрүнүп турган нерсе бирөө. Мунун бирөө экенин далилдеп берүү өтө кыйын. [Диплопия деп аталган көз оорусуна чалдыккандар чалдыр көздүү делет.] [Мусулман болуу үчүн бир гана жүрөктөн ыйман келтирүү, ишенүү кажет. Бирок, ар мусулмандын жүрөгүнө ичиндеги душманы болгон напсинен жана сырткы душманы болгон шайтандардан жана жаман достордон көңүл оорулары келүүдө. Напси табиятынан Ислам өкүмдөрүнө душман. Көңүлдүн оорулуу болуусу – [напсини ээрчүү деген сөз, башкача айтканда, Ислам динине моюн сунууну каалабоо. Тактап айтканда, Ислам дининин буйруктарынын лаззатын сезбөө, тыюу салынган нерселерден лаззат алуу деген сөз.] Бул тыюу салынган нерселер "дүнүйө” деп аталгандыгы 197-мектубда жазылган. Дүнүйөгө берилүү жүрөктөгү ыйманды алсыратат. Бир адам напсинин кулу болгон гафилдердин сукбаттарынан, сөздөрүнөн, жазууларынан, китептеринен, радио жана телеканалдарынан алыстаса жана напси "тазкия” болсо, башкача айтканда, каршы чыгуу оорусунан кутулса, жанагы ички жана сырткы душмандардан көңүлгө оору келбейт. Бар болгон оору да Ислам динине моюн сунуу жана "Истигфар окуу” аркылуу тасфия кылынса жүрөк чыныгы ыйманга жетет. Напсинин табигый оорусунан тазкиясы жана көңүлдүн сырттан келчү оорулардан тазкиясы муршиди камилдин сукбатына катышуу, китептерин окуу жана Ислам өкүмдөрүнө моюн сунуу аркылуу насип болот. 42 жана 52-мектубдарды караңыз! Муршиди камил – бардык сөздөрү, бардык иш-аракеттери Ислам динине шайкеш болгон Ахли сүннөт аалымы деген сөз. Анын Ислам динин мыкты билүүсү, терең аалым болуусу зарыл.]

Диний билимдерди акыл менен аныктап, [көңүлгө] ишендирүү оңой эмес. Күмөнсүз, чын жүрөктөн ишене турган ыйманга ээ болуу үчүн аныктоо жолунан баруудан көрө көңүлдү оорудан куткаруу зарыл. Чындыгында, өт оорусуна чалдыккан адамга шекердин таттуу экенин ишендирүү үчүн ага далилдөөгө аракет кылгандан көрө аны оорудан куткаруу зарыл. [Өт оорусуна чалдыккан адамга] шекердин канчалык таттуу экенин далилдеп берсе дагы чыныгы, күмөнсүз ишеним пайда болбойт. Анткени, шекер анын оозуна ачуу болуп сезилүүдө, сезим мүчөөлөрү ачуу экенин көргөзүүдө. 

[Сеййид Абдулхаким "куддиса сиррух” мындай деген: "Мудрика”, башкача айтканда, бир нерсени "түшүнүү” кубаты үч түрдүү болот: Үчөөнүн тең туура түшүнө алуу үчүн мүчөлөрдүн оорулуу болбоосу зарыл. Биринчиси, көрүнө турган "сезүү органдарындагы кубаттар” болуп, көрүү, угуу, жыттоо, тамактын даамын сезүү, жылуулук, катуулукту сезүү аркылуу түшүнүү. Бул кубаттар адамда бар болгондой эле жаныбарларда да бар. Бул кубаттар болбогондо адамдар таш сыяктуу, отун сыяктуу болушмак.

Экинчиси, "акыл кубаттары” болуп, хисси муштарак (орток сезим), эсте сактап калуу жөндөмдүүлүгү, вахима, мутасаррифа жана хазанат-ул-хаял деп аталчу көрүнбөй турган беш органдагы кубаттар. Бул кубаттар адамдардын мээсинде болот. Булар жаныбарларда жок. Адам бир нерсенин бар экендигин ошол кубаттардын ишенимдүү бир кабарды угуусу аркылуу же тажрыйба менен же эсеп менен түшүнөт. Жакшыны жамандан, пайдалууну зыяндуудан айырмалайт. Табият таануу илимдери, эсеп-кысап ошол кубаттар аркылуу жасалат.

Үчүнчүсү, "көңүл кубаты” болуп, мусулмандардын хавассына (олуяларына), башкача айтканда, бийик даражадагы тандалган инсандарга таандык. Жүрөктөгү (көңүлдөгү) бул руханий түшүнүү кубаты "Басират” деп аталат. Бул кубат аркылуу түшүнүлө турган диний билимдерди акыл жана сезүү кубаттары менен түшүнүү мүмкүн эмес. Адам акыл кубаттары аркылуу түшүнүлө турган нерселерди жаныбарлардын эң үстөмү болгон жылкыга жылдар бою аракет кылса да түшүндүрө албайт. Ушул сыяктуу, көңүл кубаттары аркылуу түшүнүлчү маалыматтарды [диний билимдерди, мисалы, марифатуллахты] ошол тандалгандан башка адамдарга жылдар бою үйрөтсө да алар түшүнө алышпайт. Булардын арасында жогору даражалуу тандалгандардын тандалгандары бар. Булардан да жогору болгондору Набилер, Набилерден жогорусу Расулдар, аларданда жогору болгондору Улулазм даражалары бар. Алардан да жогору Калимийат, Рухийат, Хуллат жана Махбубийат мартабалары бар, ошол эң жогору даража Мухаммед алейхиссаламга таандык. Жүрөк (көңүл) деп аталган кубат биз жүрөк деп атаган бир бөлүк этте орун алган. Бул электр кубатынын    лампада, магниттик катушкада магниттин пайда болуусуна окшош.]

Адамдарда бар болгон напси аммара (тарбиясыз напси) диний маалыматтарга ишенбейт, табияты, жаратылышы Ислам динине моюн сунбайт. [Ошондуктан, Ислам динине моюн сунуу напсине оор келет, ага баш ийүүнү каалабайт. Ал эми көңүл болсо жаратылышынан таза. Бирок, напсинин Ислам динине моюн сунууну каалабаган оорусу көңүлгө жугуп, көңүл да Ислам динине моюн сунууну каалабайт. Ислам динине ишенсе да моюн сунуусу кыйын болот.] Ислам дининин акыйкат экендигин далилдөө үчүн канчалык аракет кылса дагы оору болгон көңүлдө буга чыныгы ишенимдин пайда болуусу өтө кыйын болот. [Жүрөктө (көнүлдө) чыныгы ишенимдин пайда болуусу үчүн ичтен жана сырттан оору келбөөсү, келген оорунун болсо тасфия кылынуусу (кетирилүүсү) зарыл. Ошондуктан, напсини "тазкия” кылуудан, башкача айтканда, табигый болгон каршы чыгуу оорусунан жана жүрөктү шайтан менен жаман достордон куткаруудан башка чара жок. Напсини тазкия кылуу Ислам өкүмдөрүнө моюн сунуу аркылуу, (калимаи тавхид деп аталган Ла илаха иллаллах зикирин көп айтуу аркылуу),  кийин бир олуянын сукбаты аркылуу, аны рабыта кылуу (элестетүү, ойлоо) аркылуу, анын өмүр баянын окуу аркылуу ишке ашат. Жүрөктүн (көңүлдүн) тасфиясы ибадат кылуу аркылуу, өзгөчө парз намаздарды окуу аркылуу жана көп истигфар айтуу аркылуу жүзөгө аша тургандыгы "Ар кимге керек болгон ыйман” китебинин 1999-жылкы жана кийинки басылыштарынын тогузунчу бетинде жана "Саадати Абадиййа” китебинин 64-бетинде жана "Хак сөздүн далилдери” китебинин 125-бетинде жазылган. Жүрөктүн ошондой жол менен тазалана тургандыгы сыяктуу эле  напсинин да "Калимаи таухид” окуу аркылуу тазалана тургандыгы 52 жана 78-мектубдарда жазылган. Мектептеги, жумуштагы жолдош, мугалим, гезит, телевизор, радио Ислам динине, адеп-ахлакка каршы болсо анда булардын жаман дос экендиги түшүнүлөт. Жүрөк ошол үч душмандан [напсинин, шайтандын, жаман достун] зыянынан, чабуулунан кутулганда гана "тасфия” табат, башкача айтканда, арамдарды жакшы көрүү оорусунан кутулат. Аллаху таалага деген махабат өзүнөн өзү ал жүрөктө орун алат. Бул суудан бошогон идишке абанын өзүнөн өзү кирүүсүнө окшош.] Вашшамси сүрөсүнүн тогузунчу аятында: "Напсини тазкия кылган адам кутулат. Напсини күнөөдө, жахилдикте, далалатта (адашууда) калтырган адам зыянга учурайт”, – деп айтылган. 

["Мавахиб тафсири” китебинде мындай деп жазылган: "Напси тазкия кылынган кезде жүрөк (көңүл) тасфия табат. Башкача айтканда, напси жаман каалоолордон куткарылган кезде жүрөктүн жаратылыштарга, арамдарга деген байланышы да калбайт. Фарсча эки саптын котормосу:

Арамдарды каалоодон арылмайынча напси,

Көңүл илахи нурларга эч күзгү боло албайт. ]

Напсинин жамандыктары, ыпластыктары – бул Ислам дини жактырбаган, арам кылган нерселер [башкача айтканда, дүнүйө] деген сөз.” Азыркы заманда кээ бир адамдар Аллаху таала тарабынан жаман делген, арам кылынган нерселерди "мода”, "азыркы заманга ылайыктуулук”, "прогресс” дешет. Аллаху таала жактырган, буйрук кылган нерселерди "артта калуу”, "сабатсыздык” дешет. Арам иш кылгандарга "өнөрпоз, интеллигент, прогрессивдүү адам”, мусулмандарды "артта калган, фанат” деп айтып жаткандар бар. Мындай адамдарга алданып калбоо керек. Динди Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен үйрөнүү керек.]

Белгилүү болуп тургандай, бул ачык айкын, жаркын Ислам динине жана таза, туура жолго ишенбеген адамдын жүрөгү (көңүлү) шекердин даамын түшүнө албаган өт оорусуна чалдыккан адам сыяктуу ооруга чалдыккан. Фарси тилинде ыр сабынын котормосу:

Адам сокур болсо, анда күндүн күнөөсү эмне?

Сейр жана сүлүктөн [башкача айтканда, тасаввуф жолунда илгерилөөдөн] максат – напсини тазкия жана көңүлдү тасфия кылуу. Башкача айтканда, напси менен жүрөктү (көңүлдү) оорулардан куткаруу. Бакара сүрөсүндө: "Жүрөктөрүңөрдө оору бар” деген маанидеги тогузунчу аяти каримада айтылган оорудан айыкмайынча жүрөктө чыныгы ыйман пайда болбойт. Ошол коркунучтар бар кезде акыл жолу менен жүрөктө пайда болгон ыйман – ал ыймандын сүрөтү. Анткени, напси бул ыймандын тескерисин талап кылууда, күфүрчүлүгүндө (ыймансыздыгында) көшөрүп туруп алууда. Мындай ыйман өт оорусуна чалдыккан адамдын шекердин таттуу экенине ишенүүсү сыяктуу. Канчалык ишендим десе дагы, денеси шекерди ачуу деп кабылдоодо. Даам сезүү жөндөмдүүлүгү оңолгон соң шекердин таттуу экенине карата чыныгы ишеним пайда болот. Ыймандын акыйкаты да напсинин тазкиясынан жана жүрөктүн (көңүлдүн) итминанынан кийин пайда болот. [Итминан – чыныгы ишенүү деген сөз.] Мына ушундай чыныгы ыйман жалгыз олуяларда гана болот жана кетпейт. Юнус сүрөсүндө: "Билгиле, Аллаху тааланын олуяларында азап коркунучу, нематтарга жете албай калуу деген убайымы жок!” деген маанидеги 62-аяти каримадагы сүйүнчү ошондой ыйман ээлери үчүн айтылган. Аллаху таала баарыбызды ошондой кемел, чыныгы ыйман менен сыймыктантсын! Амин. [63-мектубду окуңуздар!]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш