Аллаху таала кулдар арасындагы күнөөлөрдүн махшар күнүндө курула турган сотто чечилүүсүн тагдыр кылган. Ал жердеги сотто мүйүзсүз кочкор аны сүзгөн мүйүздүү кочкордон акысын алат. Ушунчалык назик бир адилеттүүлүк бар.
Мусулмандар менен мусулман эмнстердин арасында, мусулмандар менен жаныбарлардын арасында, мусулмандар менен мусулмандардын арасында өтө назик бир сот курулат. Жаныбардын акысын өтөө мусулман акысынан, ал эми мусулман эместин акысын өтө жаныбар акысынан да кыйыныраак болот. Бала акысы, аял акысы, устаз акысы, эне-ата акысы, дос сыяктуу дагы көптөгөн акылар бар. Мисалы, бир адам бирөөгө жалаа жапса, ызы чуу салып, аны жамандаса, эки мусулман кездешкен кезде бири экинчисин кабагын салып караса же бири экинчисинин бетин карабаса, бетин андан бурса, акысын жеген болот. Анткени, экинчиси "Мен ага эмне кылдым, бир айып иш кылып койдумбу? Эмнеге мага суук карады?” деп ойлоп таарынат.
Имам Раббани хазреттери: "Мойнубузда эч кимдин акысы калбоосуна катуу маани берүүгө тийишпиз! Акысын дүнүйөдө өтөө оңой. Сылыктык, жумшактык менен кечирим сурап, акыдан кутулуу мүмкүн. Бирок, акыретке кала турган болсо андай мүмкүнчүлүк болбойт. Ал жерде адам акысынан кутулуу өтө кыйын, чарасы табылбайт.”
Кул акыларынан кутулуу үчүн акы ээсине барып, акыларын өтөө керек. Ал үчүн акы ээси менен адалдашуу, ага жакшылык кылуу жана дубаа кылуу керек. Эгер акы ээси кайтыш болгон болсо анын балдарына, мурасчыларына акысын өтөө, аларга жакшылык кылуу керек. Эгер мураскерлери белгилүү болбосо ошол өлчөмдөгү акчаны кедейлерге садага кылып таратып, сообун акы ээсине багыштоо керек.
Хадиси шарифтерде мындай делген: "Момунда кул акысы болгон адам өлө электе акысын өтөп, адалдашсын! Анткени акыретте алтындын, малдын баркы болбойт. Ал күнү акыларын өтөп болгонго чейин өз соопторунан алынат, сооптору калбаса акы ээсинин күнөөлөрү ага жүктөлөт.” (Бухари)