Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өзүңөн төмөндөргө кара




Өзүңөн төмөндөргө кара


Адам напсине багынган сайын эч нерсеге  канааттанбайт, эч нерсеге ыраазы да болбойт.  Анткени, адамдын напси кудай болууга умтулат. Өзү  менен тең даражалуу адамдын болуусун да көтөрө  албайт. Ошол үчүн колдогу бар нерсеге канаат кыла  албайт. Көзү ар качан өзгөнүн мал-мүлкү менен  мансабында болот. Дүнүйө-мүлк, мансап, даражасы боюнча өзүнөн жогоруларды көрүп-көрө албоочулуктун айынан кыжыры кайнайт. Аларды  кызганып, жамандап, ушак кылат. Каталык артынан  каталык кетирет. Өзүнүн да өзгөнүн да жанына  тынчтык бербейт. Бул туурасында Пайгамбарыбыз  «саллаллаху алейхи васаллам» мындай деп айткан:  «Динде (дин иштеринде) өзүңдөн төмөн болгон  адамга караба, анткени, менменсинип өзүңдү  курутасың. Дин жагынан өзүңдөн жогору болгон  адамга кара, анткени, ал сенден да кайырлуу.  Дүнүйө-мүлкү көп болгон адамга караба, Аллаху  тааланын берген насибине нааразылык кылган  болосуң. Азыгын кыйналып, маңдай тери менен  таап жүргөн адамга кара, ошондо Аллаху  тааланын сага берген ниматына шүгүр кыласың.» Динибиздин аалымдары шакирттерине ар дайым  мындай деп насыят айтышкан: «Дүнүйө-мүлкү  силердикинен аз, абалы төмөн болгондорго карагыла.  Ошондо колуңардагыга жана ушул абалыңарга шүгүр  кыласыңар. Ал эми акырет үчүн буга тескерисинче  жасагыла. Акырет үчүн мээнет кылып бергенине  шүгүр кылуу менен бирге андан да көбүн тилегиле.  Акырети бизден жогору, үстөм болгондорго карап  ошолор сыяктуу болууга тырышкыла. Алар (акырети  жогору болгондор) – Ахли сүннөт аалымдары.  Ушундай кылганда өзүнөрдү менменсинүүдөн  куткарып текеберликке түшпөйсүнөр жана да туура  жолдогулардын изи менен жүргөн болосуңар.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш