Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бейишке жалгыз мээримдүүлөр гана кирет




Бейишке жалгыз мээримдүүлөр гана кирет


Мээримдүүлүк – боор ооруу дегенди билдирет  жана бул ырыскынын бир түрү. Ырыскылар материалдык  жана руханий болуп экиге бөлүнөт. Материалдык  ырыскыларга жеткире турган себептер болгондой, руханий  ырыскыларга да жеткире турган себептер да болот. Руханий  ырыскылардын негизи – ыйман. Дененин ачтыгын кандыруу  үчүн азыгын камсыз кылып жүргөн адам, рухунун ачтыгын  кандыруу үчүн да себептерге жармашат жана бул жолдо  аракет кыла турган болсо, ыйманга байланыштуу болгон  бул руханий ырыскыга жетет. Аллаху тааланын  буйруктарына моюн сунулбаса, тыюу салгандарынан  тыйылбаса, материалдык жана руханий ырыскылар азаят.  Анткени, Таха сүрөсүнүн 24-аятында: "Мени унутсаңар  ырыскыларыңды азайтамын” деп айтылган. Ыйман, ден соолук, азык, адамгерчилик, мээримдүүлүк жана башка  көптөгөн ырыскылардын азайуусуна негизги себеп – Аллаху  тааладан гафил болуу (унутуу). Динин үйрөнгөн жана  үйрөнгөнүнө шайкеш жашаган адам дос-душман бардык  адамдарга карата жылуу жүздүү, жумшак мамиледе болот  жана эч ким менен айтышып-талашпайт. Баарына бирдей  мээримдүүлүк менен карайт жана кечирим сураган  адамдарды кечирет, кемтиктерин көрбөйт, алардан келген  зыяндарга зыян менен жооп кайтарбайт. Хазрети Абдуллах  Балйани мындай деген: "Мусулмандык жалгыз намаз окуу,  орозо кармоо жана түндөрү ибадат кылуу менен гана  чектелбейт. Булар ансыз деле ар бир мусулмандын  орундашы керек болгон кулдук милдеттери. Чыныгы  мусулмандык эч кимди таарынтпоо. Муну аткара алган  адам Аллаху тааланын ыраазычылыгына жетет”.  Мухаммед Салим хазреттеринен "Адамдын чыныгы  мусулман экенидигин кантип түшүнүүгө болот?”- деп  сурашканда "Күлүмсүрөгөн жүздүү, көркөм мүнөздүү, жылуу  сөздү ү , жоомарт тыгы, эч ким менен талашып тартышпагандыгы, кечирим сураганды кечирүүсү жана  баарына мээримдүүлүк кылуусунан түшүнүлөт” -деп жооп  берген. Адамдын эң алгач өзүнө мээримдүүлүк кылуусу  керек. Өзүнө мээримдүүлүк кылуу – өзүн түбөлүк азаптан  куткаруу, тактап айтканда, ыйман келтирүү жана Исламды  үйрөнүп, кармануу, Исламга ылайык амал кылуу.

Көңүлдө ыйман болгон кезде мээримдүүлүк жана  кайрымдуулук сезимдери аны менен бирге болот. Көңүлдө  буларды кармап тура алуу үчүн Ислам аалымдарынын  сөздөрүн окуу жана эч кими жокторго, кедей-муктаждарга  камкор болуу, аларга көмөкчү болуу керек. Эч кимди  ушактабоо керек жана ушак айткандарга кедерги болуу керек.  Жакшылык кылуу керек, күнөө кылуудан сактануу керек.  Күнөөдөн сактанган адам өзүнө да, башкаларга да  мээримдүулүк кылган болот. Пайгамбарыбыз сахабаларына:  "Бейишке жалгыз мээримдүүлөр гана кирет”, - деп айтканда  ал жердегилердин кээ бири: "Йа, Расулаллах! Биз баарыбыз  мээримдүүбүз”, - деп айтышты. Пайгамбарыбыз: "Бирок,  силердин мээримдүүлүгүңөр жалгыз өзүңөргө карата  болуу менен чектелип калбашы керек. Тескерисинче,  мээримдүүлүк бүткүл адамзатка карата болуу керек.  Чыныгы мааниде адамдарга мээримдүүлүк кылуучу –  жалгыз Аллаху таала”, – деп билдирген. Мээримдүүлүк  менен байланыштуу Пайгамбарыбыз сахабаларына мындай  окуяны айтып берет: "Илгерки замандарда бир киши жолдо  кетип баратканда катуу суусайт. Абдан суусап бара  жатып бир кудуктун алдынан чыгат. Кудуктан суу  тартууга эч нерсе таба албагандыктан ичине түшөт. Суу  ичип, суусуну канат. Кудукка түшөөрдө да, чыгаарда да  катуу кыйналат. Суу ичип, кудуктан чыкканда кудуктун  башында бир итти көрөт. Иттин тили салаңдап, дем  алуусу ылдамдап, катуу суусагандыктан жерди казып,  жалап жаткан болот. Жанагы адам иттин бул жагдайын  көрүп, өзүнө-өзү "бул ит дал мен сыяктуу катуу суусаган  экен, ага жардам беришим керек” -деп, кудукка кыйналып  кайра түшөт. Суу куюуга идиши жок болгондуктан сууну  бут кийимине толтурат. Бут кийимди тиши менен тиштеп,  кыйналып кудуктан чыгат. Бут кийими менен алып  чыккан сууну итке берип, сууга кандырат. Бул адамдын  суусаган жаныбарга деген мээримдүүлүгү үчүн Аллаху  таала анын күнөөлөрүн кечирет”. Пайгамбырыбыздан  буларды уккан сахабалардын бири: "Йа, Расулаллах!  Жаныбарга кылган жакшылыгыбыз үчүн да сооп берилеби?”  – деп сурады. Расулуллах алейхиссалам: "Ооба. Бардык  жандууларга кылынган жакшылыктар үчүн сооп бар”, -  деп жооп берди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш