Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Харамдардан сактануунун кыска жолу




Харамдардан сактануунун кыска жолу


Ар бир мусулман динибиздин буйруктарына  моюн сунуп, тыюу салган нерселерден сактанууга тийиш.  Арамдардын бардыгынан качуу кыйын. Бирок, Имам  Раббани хазреттери билдирген жол менен диндин  буйруктары менен тыюуларына моюн сунуу жеңил болот. Ал  да салихтер (жакшылар), садыктар (сөздө, амалда жана  ниетте дурус болгондор) менен бирге болуу. Тообо сүрөсү,  119-аятында: "Аллахтан коркуп, садыктар менен бирге  болгула!” – деп буюрулган. Ыйык хадистерде мындай деп  билдирилген.  

"Аалымдар менен бирге болуу – ибадат”. (Дайлами) "Арамдардан тыйылган киши менен бирге отуруу –  ибадат”. (Дайлами) 

"Салихтер менен бирге болгон адам шаки (Тозоктук)  болбойт”. (Бухари) 

"Арамдардан тыйылган кишинин жанында отуруу –  ибадат”. (Дайлами) 

Пайгамбарыбыздан кимдер менен бирге болуу  керектиги суралганда мындай деп жооп берген экен:  "Көргөн кезиңерде Аллаху тааланы эстетүүчү, сөздөрү  илимиңерди арттыруучу, илими акыретти ойлоого  көмөктөшүүчү адамдар менен бирге болгула!” (Абу  Яъла) 

Зарыл жагдай болмоюнча ыймансыздар, бидатчылар  менен бирге отуруу жакшы эмес. Аллах адамдары, олуя  кулдары, салих аалымдар менен дайыма бирге болууга  аракет кылуу керек. Анткени, ыйык хадисте мындай деп  билдирилди: "Алар менен бирге болгон адам шаки  болбойт”. (Бухари) 

Бул заманда мындай салих кулдарды табуу өтө кыйын  болгондуктан алардын китептерин таап окуу керек. Ахли  сүннөт акыйдасында болбогон жана туура жолдо жүрбөгөн  адам салих боло албайт. 

Арштын астында мындай деп жазылган: "Бир адам  салихтер сыяктуу амал кылса, бирок күнөөкөрлөр менен  бирге жүрсө, жакшы амалдары текке кетип, Кыямат күнү  жамандар менен бирге тирилет. Ал эми, бир адам  жамандардын амалындай амал кылса, бирок салихтерди  жакшы көрсө, алар менен бирге болсо, күнөөлөрү  жакшылыкка айландырылып, Кыяматта жакшылар менен  бирге тирилет”. (Каб-ул-Ахбар)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш