Өткөргөн жылдарыбыз канчалык жакшы болсо да, кайра кайтып келбейт. Анткени, артка кайтарып, андан рахат алуу эч кимдин колунан келген эмес, мындан кийин да келбейт.
Чыны менен адамдар өткөн убакыттын ачуу жана таттуу күндөрүн эстеп, аргасыз экендиктерин түшүнүшөт жана алардын баары түш сыяктуу өтүп кеткенин сезишет. Мына бул ыйык хадисте бул маселе керемет түшүндүрүлгөн: "Адамдар уйкуда, өлгөн кездеринде ойгонушат”.
Имам Газали хазреттери мындай деген: "Адам түш көрүп жатып анын түш экенин билбейт, чыныгы жашоо деп ойлойт. Ойгонгонго чейин билбейт. Ойгонгон кезде: "Көргөндөрүм түш турбайбы...”, - деп айтат.
Адам өлгөн кезде да дүнүйөдө өткөргөн өмүрүн түш экенин түшүнөт. Ушул себептүү Кыямат күнүндө адамдар дүнүйөдө өткөргөн өмүрлөрүн өмүр деп эсептешпейт. Фажр сүрөсүнүн 24-чү аятында буга ишарат бар: "Ал мындай дейт: Кана эми, мен жашоомо алдын ала даярданып келген болгонумда го!”.
Бул ыйык аятты чечмелеген муфассирлер (тафсирчилер) мына бул жаатка көңүлүбүздү бурушат: Аятта "бул жашоомо” эмес, жалгыз "жашоомо” делген. Бул дагы дүнүйөдөгү жашоонун "жашоо деп эсептелбегенинин” эң чоң далили.
Убакытты артка кайтаруу мүмкүн эмес, бирок, андан ибрет (сабак) алуу мүмкүн. Ал эми, өткөн убакытты кайра артка кайтса экен деп арман кылуу бош кыялдан башка нерсе эмес. Бир акын: "Аттиңай, жаштык чактар бир күн артка кайтса го, карылык чактын дартын ага айтсам го”, - деген экен.
Жылдар күн сыяктуу өтүүдө жана ар өткөн күн бизди мазарга бир кадам жакындатууда. Ар түнү жатуудан мурун ошол күндүн эсебин жасоого тийишпиз. Каталарыбыз менен айыптарыбызды табууга тийишпиз.
Эгер күнүбүздү жакшы өткөргөн болсок, келерки күндү андан да жакшы өткөрүүгө аракет кылууга тийишпиз. Жаман өткөн болсо, тообо кылып, башка ката кетирбегенге аракет кылууга тийишпиз.
Убакытты токтотуу мүмкүн эмес. Убакыт ылдам өтүп жатат. Убакыт – адамдын колундагы эң баалуу нерсе. Ал ааламдагы эң кымбат асыл таштан да баалуу. Жоголгон асыл ташты кайра табууга болот, бирок, жоголгон убакытты артка кайтаруу мүмкүн эмес.
Ар адамга белгилүү бир өмүр берилген. Адам ушул кыска өмүрүндө бул дүнүйөсү менен бирге калган эки өмүрүндөгү жагдайын жөндөөгө мажбур: дүнүйө жашоосу, кабыр жашоосу жана акырет жашоосу.
Булардын эң кыскасы – дүнүйөдөгү жашоо. Эң маанилүүсү да - ушул жашоо. Анткени, үч өмүрдүн тең тагдырын ушул өмүрдө кылгандарыбыз менен кылбагандарыбыз чечет.
Эмгектенүү, өзүнүн жана карамагындагылардын ырыскыларын адалдан табуу, кийин кааласа да, каалабаса да өзү кире турган мазарын нурдандырууга, жасалгалоого аракет кылуу зарыл. Кабыр жашоосу дүнүйө жашосунан да узунураак. Биз дүнүйөдөгү үйүбүздү мүмкүн болушунча рахат жашай ала тургандай абалга келтирбей туруп ичине көчүп кирбейбиз. Кире турган болсок, ичинде рахат тура албайбыз. Ал эми, дүнүйөдөгү үйүбүздө бир күн болсо да тура алуубузга эч кандай кепилдик жок.
Анын үстүнө бул жердеги үйүбүздү ыңгайлуу болбосо алмаштырууга болот. Башка үйгө көчүп кетүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк бар. Бирок, аркы дүнүйөдөгү экинчи үйүбүз боло турган мазарыбызда "Мага бул кабыр жакпады, бул жер мени кысып жатат, ичи караңгы, мени башка кабырга көчүргүлө” деп айтсак, бизди ким укмак эле?
Түбөлүк жашай турган акыреттеги өмүрүбүздүн да жагдайын ушул өмүрдө жөндөп алсак болот. Али колдо мүмкүнчүлүк бар кезде убактыбыздын баркын билүүгө тийишпиз...