Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аллаху тааланын мээрими чексиз




Аллаху тааланын мээрими чексиз


Күнөө кылган кезде көңүлүндө нааразы болуу,  кайгыруу, өкүнүү керек. Дүнүйөдө берген кыйынчылыктардын  күнөөлөрүбүздүн жазасы деп билүү керек. "Кудайга шүгүр,  жазамды дүнүйөдө берди” деп ойлоо керек. Аллаху таала  кудси хадисинде мындай деп айтат: "Мени кайгылуу болгон  кулдарымдын жанынан издегиле!”, башкача айтканда,  "Алардын дубаларын кабыл кыламын” деген. Дүнүйөлүк  жашоодогу дарттар мусулман кулдарга немат болуп саналат.  Дүнүйө, ансыз деле, өткүнчү бир көлөкө сыяктуу, өтөт да  кетет.  

Күнөөлөрүбүз тоодой болсо да, Анын мээрими,  кечиримдүүлүгү чексиз. Аллаху таала кечирет жана  жакшылыктарды белек кылат. "Аллахумма иннака  афуввун каримун тухиббул афву фаъфу анни” дубасын  көп окуу керек. Бул дуба: "Оо, Раббим, албетте, Сен  күнөөлөрдү кечирүүчүсүң, ихсан кылуучусуң. Кечирүүнү  жакшы көрөсүң. Андай болсо мени да кечире көр, оо,  Раббим!” деген маанини билдирет. Булардын баары Аллаху  тааланын күнөөкөр, напсине кул болгон пенделерине  сүйүнчү.  

Дуба кылуу да намаз, орозо сыяктуу ибадат.  Муктаждыктарды, кажеттүүлүктөрдү билдирүү деген сөз.  Ибадат дегенибиз – өзүнүн алсыздыгын, муктаж экенин  билдирүү деген сөз. Дуба кылуу – бул буйрук. Бири-бирибизге  дуба кылалы. Бирөөнүн артынан, ага билгизбей кылынган  дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору. Хазрети Хусейн бин  Саид (куддиса сиррух) мындай деген: "Адам дуба кылат: "Оо,  Кудайым! Мага мына бул нерсени бергин!” – деп сурайт.  Бирок, ал сураган нерсе кайырлуу эмес. Аллаху таала ага  жакшылык кылып, сураган нерсесин бербейт. Ал болсо:  "Эмнеге дубам кабыл болбоду?” – деп каршы чыгат. Бул  жаатта адамдар Аллаху тааланын алдындагы даражасына  карай төрткө бөлүнүшөт: Биринчилер: Немат келгенде  кубанышат, дарт менен кыйынчылык келгенде каршы  чыгышат. Экинчилер: Немат келгенде кубанышат, дарт  менен кыйынчылык келгенде каршы чыгышпайт, сабыр  кылышат, бирок, кутулууну каалашат. Үчүнчүлөр: Дарт менен кыйынчылык келгенде ыраазы болушат.  Төртүнчүлөр: Дарт менен кыйынчылык келгенде  нематтардан алына турган лаззаттан күчтүүрөөк лаззат  алышат жана мындан айрылууну каалашпайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш