Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жаннат жакшылыктары




Жаннат жакшылыктары


Акыретте ар күн сайын нематтар көбөйөт, эки күн бирдей болбойт. Адам билбеген нерселерин билген нерселери  менен салыштырат. Бирок, билинбеген бир нерсени  билинген нерсе менен салыштырууга болбойт. Хадиси  шарифте: «Дүйнө эненин курсагына караганда Жаннат, Жанаттка караганда бир таштанды сыяктуу», - деп  айтылат. Таштанды менен Жаннат салыштырылабы?  Эненин ичиндеги бир бөбөк дүйнөгө келер алдында  кандай окуяларга туш боло тургандыгын билүүсү мүмкүн  эмес, ошондой эле, Жаннатка кире турган момун да ал  жердеги кездеше турган ниматтарды билүүсү мүмкүн эмес.  Жаннаттын нематтары катары билдирилген бал, жибек,  алтын, жүзүм, дарыя-суу сыяктуу нерселердин дүйнөдөгү  нерселер менен эч бир окшоштугу жок. Бири-бири менен эч  бир убакта салыштырылышы мүмкүн эмес. Бир гана  аттарынын окшоштугу бар.Тозоктогу от да, дүйнөдөгү оттон  такыр башкача. Анын бир илеби дүйнөгө түшө турган болсо,  тоолорду эритип, бүтүн деңиздерди курутат. 

Түш менен дүйнө жашоосу да бири-бири менен  салыштырылбайт. Түшүбүздө көздөрүбүз жумулуу болуп  туруп көп жерлерди көрөбүз.Тилибизди кыймылдатпастан  сүйлөшөбүз.Түшүбүздө өкүмдар болсок да анын эмне  пайдасы бар? Аз убакыттан кийин ойгонгонубузда кыял  экендигин көрөбүз. Анда болсо дүйнө жашоосу да түш  сыяктуу. Эң маанилүү нерсе акыретте өкүмдар болуш керек. 

Хадиси шарифте мындайча айтылат: «Адамдар уктап  жатышат, өлгөндө ойгонушат». Түштө көрүлгөн  нерселерди кадимки жашоодогу (дүйнөдөгү) нерселер  менен салыштырууга болбой турган сыяктуу дүйнөдөгү нерселер да Жаннаттагы нематтар менен салыштырылбайт. 

Хадиси шарифте айтылат: «Жаннатта эч ким көрбөгөн,  укпаган жана кыялга да келбеген нематтар бар». «Аллаху таала Жаннаттагыларга «дагы жакшысын  берейинби»? - дейт. Жаннат адамдары, «Дагы жакшысы  да барбы»? - деп сурашат. «Силерден дайым  ыраазымын, силерден эч нааразы болбойм», - дейт. «Жаннаттын нематынан башка бардык немат жок  болот. Тозоктун кайгысынан башка бардык кайгы  жоголот». 

«Жаннаттагы нерселер менен дүйнөдөгү нерселердин  арасында жалгыз ысым окшоштугу бар».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш