Насаат


Хусейин Хилми бин Саид хазреттери мындай  деген: 

- Дүнүйөдө ким кимди жакшы көрсө, акыретте жакшы көргөн  адамы менен бирге болот. 

- Момундун белгиси жылуу жүздүү болуусу, мунафыктын  белгиси кабагын салып жүрүү. 

- Аллаху тааланын сүйүктүү кулдарын жакшы көрүү дүнүйөгө  деген сүйүүнү жүрөктөн чыгарат. 

- Дос менен сөз талашуу достукту азайтат, душман менен сөз  талашуу душмандыкты арттырат. 

- Жакшы көрө турган адамды жакшы тандоо керек, ошого карай  жакшы көрүү керек. 

- Мусулмандар бир жерге жыйналганда бири-биринен  пайдаланышат.  

- Бири-бирибизди таарынтуудан корколу. 

- Ар нерсенин жаңысы жакшы. Бирок, эки нерсенин эскиси  жакшы. Бирөө – сүйүү, экинчиси – дос.  

- Аалымдардын зыйнаты "Билбеймин” деп айтуусу. 

- Аллахтын динин Анын кулдарына үйрөтүүгө барарда кадам  басыла турган жерге периштелер канаттарын жайышат.  

- Бир жамааттын ичинен Аллаху таала аларга эң көп кызмат кылган  адамды жакшы көрөт. 

- Кул акысы маселеси Ислам ахлагынын негизин түзөт. 

- Адамдын көңүлүндө арам иш кылуу каалоосу калбаганда,  көңүлүнө Аллахка деген сүйүү толот.  

- Сооп жыйноо өтө маанилүү. Жыйналган соопторду жоготуп  албоо андан да маанилүү.  

- Бир саат илим үйрөнүү түнү бою ибадат кылганга барабар. 

- Напсине моюн сунган адам арам иш кылат. Арам иш кылган  адам арамга көнүп калат. Көнүп калган соң ошол арамдан зоок ала баштайт жана кылып жаткан ишине маани бербей турган  болот. Арамга маани бербеген соң ыйманын жоготуп алат.  

- Мусулман убактысын мыкты пайдаланууга тийиш.  

- Дүнүйөдө Аллаху тааланын динине кызмат кылгандар, Аллаху  тааланын кулдарынын кыйынчылыктарын чечүүгө көмөктөшкөндөр махшарда тактынын үстүндө, минбарларда  отурушат.  

- Ыйман – Аллаху тааланын кулдарына ихсан кылган өзгөчө  нематы. 

- Момун азык сыяктуу болууга тийиш, ар дайым керектүү  экендиги сезилип турууга тийиш. 

- Адамдын аброю билимдүү жана адептүү болуусунда. 

- Ката жана кемчиликти өзгөлөрдөн издөөчү адамдар жагымсыз  болот. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш