Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Дүнүйө дегенибиз эмне




Дүнүйө дегенибиз эмне


Дүнүйө - акырет үчүн сынак жайы. Акырет болсо  түбөлүк бакытка бөлөнүү же түбөлүк жазалануу мекени. Дүнүйөдө Аллаху тааланын буйруктары менен  тыюуларына моюн сунууда ар түркүн кыйынчылыктар  болот. Аллахка моюн сунгандар менен каршы чыккандар  акыретте бири-биринен ажыратылат.  

Адам дүнүйөдө бир гана лаззат, оюн-зоок үчүн эмес, сыноо үчүн жаратылды. Атүгүл, сынакка кире турган  окуучу дагы көңүл көтөрүүдөн, оюндан тыйылып, сабагын  окуп, аз уктап, сынакты жакшы натыйжа менен тапшыра  алуу үчүн түрдүү кыйынчылыктарга чыдайт.  

Имам Раббани хазреттери мындай деген: 

"Адамдар дүнүйөдө бир нече күн кыйынчылык  тартпаганда, Бейиштин чексиз лаззаттарынын баркын түшүнө алмак эмес, түбөлүк саламаттыктын жана  амандыктын баркын биле алмак эмес. Ачкалыкты  башынан өткөрбөгөн адам тамактын лаззатын түшүнө  албайт. Кыйынчылык тартпаган адам ырахаттыктын, бакыттын  баркын билбейт”. 

Дүнүйө - акырет үчүн эгин талаасы. Бул жерде эгин экпегендер, мол түшүм жыйноодон куру калгандар (сооп жыйнабагандар) кандай гана бактысыз! Бир тууган бир туугандан, эне баласынан кача турган ошол күн (Кыямат) үчүн даярданбагандар дүнүйөдө да, акыретте да алданган, зыян тарткан болушат. Акылдуу адам бул дүнүйөнү өзүнө  бир мүмкүнчүлүк деп билет. Бул кыска гана убакытта эгин  эгип, башкача айтканда, Аллаху таала ыраазы болгон амалдарды орундап, мол-мол түшүмдөрдү жыйнайт.  Аллаху таала бул кыска убакытта кылынган жакшы иштерге жана ибадаттарга чексиз нематтарды берет.  

Марифатнаама китебиндеги хадиси шарифтерде буюрулган: 

"Дүнүйө үчүн дүнүйөдө кала турганыңдай өлчөмдө,  акырет үчүн ал жакта түбөлүк кала турганындай  өлчөмдө эмгектен! Аллаху таалага муктаждыгыңа  жараша баш ий! Тозок отуна чыдай ала турганыңдай  өлчөмдө күнөө кыл!” 

"Тилеги акырет болуп, акырет үчүн амал  кылгандарга Аллаху таала дүнүйөнү кызматчы  кылат”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш