Ахли хикмат аалымдар мындай
деген:
Намаз
убактысы киргенде дароо намаз окуу керек, башка нерселер менен алек болбоо
керек. Себеби, намазга кедерги болгон иште жакшылык жок.
Намаз
- диндин тиреги. Намаз окуган адам динин куткарат. Намазын таштаган адам болсо
динин кулаткан болот. Ахли сүннөт аалымдары: "Эң чоң күнөө - намаз окубоо”, -
дешкен.
Аллаху
таала напсиге душман. Напси болсо намазга душман. Намаз окуган адамдын напси
чыркырайт. Напси "Намаз окуба” деп көшөрөт. Таштата албаса, бул сапар
буздурууга аракет кылат, рекеттерди адаштырат.
"Пенденин Аллахка эң жакын
болгон маалы - саждада турган маал” деген хадиси шариф
көртсөтүп тургандай, адам Аллаху таалага эң жакын болгонундай эле саждада болсо
дагы да жакын болууда. Бул жердеги жакындык - Аллахтын сүйүүсүнө жана
ыраазылыгына жетүү дегенди билдирет.
Улуу
заттар: "Фронтто окулган намаздын сообу Кааба-и муаззамада, Мадина-и
мунавварада окулган намаздан да сооптуу. Динибизге кызмат кылгандардын намазы
фронтто окулган намаз”, - дешүүдө. Адам намазды өзү жалгыз окуса 1, үйдө жамаат
менен окуса 27, мечитте жамаат менен окуса 50, чоң жами мечитте окуса 500,
Масжид Аксада окуса 5 миң, Масжид Набавиде окуса 50 миң жана Масжид Харамда
окуса 100 миң эсе сооп табат, бирок, фронтто окуса 700 миң эсе сооп табат.
Фронт
бир гана биз билген согуш майданы эмес. Динибизге кызмат кылынган ар жер фронт.
Бул фронтту зарыл жагдай болмоюн таштоого болбойт. Парздардын жанында напил
намаздар деңиз жанында тамчыдай дагы эмес. Ар качан фронттогудай сезим менен
кызмат кылгандардын сыйлыгы албетте дагы көп болот.
Балдарыбызды
жаныбыздан чыгарбообуз керек. Аларга агасы дагы, атасы дагы болуу керек. Аларды
жакшы жерлерге алып баруу керек. Намаздын маанисин аларга түшүндүрүү керек,
себеби, бала кылган ар бир нерсе эне-атага эселеп жазылат. Жакшылык кылса
жакшылык, жамандык кылса жамандык жазылат, болгондо да эселеп.
Балдардын
көңүлдөрүн дүнүйө иштери менен карайтпоо керек, оюнга ашыкча убакыт бөлбөй,
аларга улуу заттарга болгон сүйүүнү берүү керек, илмихал билимдерин жана Курани
каримди сөзсүз үйрөтүү керек. Баласына Курани карим окуткан эне-атага көп сооп
жазылат. Бала али «элиф» тамгасын окуганда атасына "Уулуң бүгүн Курани каримден бир тамга
үйрөндү” делип бараат алып барылат. Атасы Каабаны зыярат сообун алат, кайтыш
болсо Жаннатка кирет.