Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүндөгү олуялардын арасында Расулуллахтын халифасы болуу акысына ээ болгон жана халифалыкка башкалардан татыктуураак болгон, имамдардын, олуялардын баш таажысы "Абу Бакр Сыддык” (радыйаллаху анх) пайгамбарлардан кийин келген жана келе турчу бардык адамзаттын эң кайырлуусу, эң жогору даражалуусу болуп саналат. Халифалык даражасына, сыймыгына эң алгач ээ болгон Ал.
Мусулмандык чыкканга чейин да Аллаху тааланын мээрими жана ихсаны менен Ал буттарга сыйынган эмес. Капырлык менен адашуучулук айыптарынан коргонду. [Расулуллахты пайгамбардык келе электе бутка сыйынган деп эсептеген жана ушундай жазган адамдардын канчалык жахил жана сабатсыз экендигин ушул жерден да түшүнүүгө болот.]
Андан кийин адамдардын эң жогорусу, Фаруки азам, Аллаху тааланын сүйүктүүсүнө дос кылып тандаган экинчи халифасы - "Омар бин Хаттаб” (радыйаллаху анх).
Андан кийин адамдардын эң жогорусу, Расулуллахтын үчүнчү халифасы, жакшылыктардын, ихсандардын казынасы, уяттуулук, ыйман, ирфан (илим) булагы, Зиннурайн - "Осман бин Аффан” (радыйаллаху анх).
Андан кийин адамдардын эң кайырлуусу, Расулуллахтын төртүнчү халифасы, таң калаардык даражалардын ээси, Аллаху тааланын арстаны - "Али бин Абу Талиб” (радыйаллаху анх).
Андан кийин "Хазрети Хасан” халифа болду. Хадиси шарифте билдирилген отуз жылдык халифалык аны менен аякталды. Андан кийин адамдардын эң жогору даражалуусу, Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) эки көзүнүн нуру - "Хусейн бин Али” (радыйаллаху анх).
Алардан кийин ардактуу сахабалардын эң жогору даражалуулары - "Ашараи мубашшара" деп аталган, б.а., тирүү кезде Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он киши. Алардан кийин Бадр согушуна катышкан үч жүз он үч киши жогору. Алардан кийин Ухуд согушуна катышкан 700 арстандын арасында болгондордун баары. Алардан кийин "Биат-ур-рыдван", б.а., бактын астында Расулуллахка сөз берген миң төрт жүз адам жогору.