Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жакшылык кылсаң жакшылык көрөсүң




Жакшылык кылсаң жакшылык көрөсүң


Адамдарга жасалган жакшылыктар акырет азаптарынан  кутулууга жана жаннат ниматтарынын артуусуна себеп  болот. Сүйүктүү пайгамбарыбыз айткан: "Аллаху тааланын эң сүйүктүү кулу – Анын ниматтарын  кулдарына жетүүсүнө себепчи болгон адам”. 

Жакшы мусулман жакшылык же болбосо садага бере  турган болсо, муну жашыруун түрдө кылат. Жакшылык  жасаган же болбосо садага берген адамды таарынтпайт.  Көңүлүн калтырбай, жакшылыгын милдет кылбастан жасайт. Аллаху таала ушундай кылуу керектигин Курани  каримдин көптөгөн жеринде буйрук кылууда.

Кыяматта азаптардан кутулуунун эки чоң жолу бар. Биринчиси, Аллаху тааланын буйруктарын маанилүү деп  эсептеп, урмат көрсөтүү. 

Экинчиси, Аллаху тааланын кулдарына, жараткандарына  камкордук, жакшылык жасоо. 

Диний өкүмдөрдү урматтоо маанилүү болгон сыяктуу  буларга маани бербөө, урматсыздык кылуу, мазактоо,  тебелөө дагы өтө кооптуу. Адамдарга мээримдүүлүк кылуу,  жакшылык кылуу маанилүү болгонундай, аларга жапа  чектирүүнүн да зардабы менен эсеби өтө чоң. 

Раббибиздин кулдарына кызмат кылуу аркылуу бул  дүйнөдө жана акыретте ниматтарга жетүүбүздү ойлообуз  керек. Хадиси шарифте мындай айтылат:

"Мусулман –  мусулмандын бир тууганы. Алар бири-бирин таарынтпайт. Кимде ким дин бир тууганынын жумушуна жардамдашса, Аллаху таала дагы анын ишин жеңилдетет. Кимде-ким бир мусулмандын башына түшкөн кыйынчылыгын чечип берип, кубантса кыямат күнүнүн эң кыйын кездеринде Аллаху таала аны кыйынчылыктан куткарат. Кимде ким бир мусулмандын кемчилигин жашырса Аллаху  таала кыямат күнү анын кемчиликтерин, каталарын  жабат”. 

Бул үч күндүк өмүрдө Аллаху тааланын ыраазы боло  турган амалдарын аткарууга аракет кылуу керек. Анын  кулдарына сый-урмат көрсөтүү, жакшылык жасоо  керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш