Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Тообо кылсаңар жардам беремин




Тообо кылсаңар жардам беремин


Келген балээ жана кыйынчылыктардын кетүүсү  үчүн истигфар айтуу керек. Анткени, Аллаху таала:  "Тообо кылсаңар жардам беремин”, - деген. 

Ар улуулук жана жакшылык Аллаху таалага ыклас  менен баш ийүү жана ибадат кылуу аркылуу, ар  жамандык менен кыйынчылык болсо күнөө кылуу  аркылуу келет. Бардыгына оору жана балээ күнөө  аркылуу, ал эми рахаттык жана жыргалчылык да баш  ийүү аркылуу келет. Аллаху тааланын адаты  ушундай. Аллаху таала эч кимге себепсиз балээ  жибербейт. Бир аяты каримада мындай делет: "Бир  эл өздөрүн бузмайынча Аллаху таала абалдарын  өзгөртпөйт”. (Рад 11) 

Салих ал-Марри хазреттери мындай деген: "Адамдардын башына келген балээ жана кыйынчылыктар кылган күнөөлөрүнөн улам болот”. 

Омар бин-Абдулазиз мындай деген: "Хажжаж,  адамдардын күнөөлөрүнөн, катачылыктарынан  улам Аллаху таала тарабынан жиберилген бир  балээ”. 

Имам Азам хазреттери мындай деген: "Заалым  бир султан сага асылса сен анын айынан диниңде катачылык кетирсең, дароо өзүң жана ал  үчүн тообо истигфар кылып, катачылыгыңды  оңдоого аракет кыл”. 

Мухаммед бин Юсуф бир күнү тааныштарынан  бир кат алат. Кат ээси мамлекетиндеги башкаруучуларга карата арызын билдирген эле.  Катты окугандан кийин мындай жоопту жазып жөнөтөт: "Тууганым, катыңды алдык. Билесиз  көтөрүлүш чыгарган бирөө өзүнө кылына турчу  кыйынчылык жана зулумдуктан баш тарта албайт. Менин оюмча дуушар болгон бул абалың  кылган жамандык жана күнөөлөрүңдүн айынан  келип чыкты.” 

Харун Рашид күнөөсүз бир адамды каматтырат.  Камалган адам ага мындай деген кат жазат: "Эй,  Харун жакшы билип кой, түрмөдө өткөргөн ар  бир күнгө, чеккен бардык кыйынчылыктарыма  каршы сенин өмүрүңдөн бир күн кыскарылууда  жана жакшылыктарың азайууда. Унутпа, эсеп  күнү алыс эмес. Ал күнү ортобуздагы калыс бир  гана Аллаху таала болот!” 

Харун Рашид катты окугандан кийин дароо аны  камактан бошотуп, жакшылык кылды. 

Малик бин Динар хазреттери мындай деген:  "Тооратта мындайча жазылган: Аллах мындай  дейт: Ким мага моюн сунса аларды ага жакшылыкка себепчи кыламын. Кимде ким мага  каршы болсо аларды өзүнө балээ кыламын.  Өзүңөрдү башкаруучуларыңарды жамандоо менен алек кылбагыла. Мага тообо жана истигфар кылгыла, аларды болсо силерге каршы мээримдүү кылайын.” 

Дин улууларыбыз айтышкан: "Мурда «Йа, Раббим, жергебизди жокчулуктан, кымбатчылыктан, душмандардын сүйүнүүсүнөн  корго”, - деп дуба кылынчу. Азыр мындай дубалар  унутулду. Бир гана арыздануулар калды.  

Кыскасы, келген балээ жана кыйынчылыктардын  кетүүсү үчүн истигфар айтуу керек. Анткени, Аллаху  таала: "Тообо кылсаңар жардам беремин”, - деген


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш