Эң жаман нерселер


Жаман болгон нерселер көп, бирок, кээ бирлери  андан да жаман. Хадиси шарифте айтылган бир нечеси  төмөндө: 

«Адамдардын эң жаманы – өмүрү узун, амалы  жаман болгону». (Тирмизи) 

«Адамдардын эң жаманы – эки жүздүү болгону». (Бухари) 

«Адамдардын эң жаманы – тез ачууланып, ачуусу  кеч басылганы». (Тирмизи) 

«Адамдардын эң жаманы – адамдарга зыяны  тийген, аларды таарынткан адам». (И.Ахлакы) 

«Адамдардын эң жаманы – жаман аалымдар». (Баззар) 

«Адамдардын эң жаманы – мүмкүнчүлүгү болуп  туруп бала-чакасынын ырыскысын кыскан адам». (Табарани) 

«Адамдардын эң жаманы – мусулманчылыкты  таштап, башка динге ооп кеткен адам». (Дайлами) 

«Адамдардын эң жаманы – бидат». (Бухари, Муслим, Насаи) 

«Адамдардын эң жаманы – бидатчылар». (Абу Нуайм) 

«Эң жаман оору – сараңдық». (Дара Кутни) 

«Эң жаман тамак – байлар чакырылып, кедейлер  чакырылбаган тамак». (Бухари) 

«Эң жаман ууру – намазынан уурдаган киши. Ал  руку менен саждадан уурдайт». (Табарани) 

«Эң жаман өкүнүү – кыямат күнүндөгү өкүнүү». (Байхаки) 

«Эң жаман карыя – гафилдик менен напсиге баш  ийип, жаштарга окшоого тырышкан адам». (Табарани) 

«Эң жаман сапат – сараңдык жана өтө коркоктук». (Бухари)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш