Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Салих (жакшы) адам болуу үчүн




Салих (жакшы) адам болуу үчүн


Аллаху таала: «Халал жана таза болон нерселерди  жегиле», - деген. (Бакара 168) Сүйүктүү пайгамбарыбыз:  «Ибадат он бөлүктөн турат. Тогузу халалды талап  кылуу», - деген. Калган бирөө бардык ибадаттар болуп  эсептелет. Арам жеген адамдын денеси ибадат кылуу үчүн  күч-кубат жумшай албайт. Ал эми халал жеген адам күнөө  кылбайт. 

Хадиси шарифте мындай деп айтылган: «Акылдуу адам  дуба жана ибадат кылуу үчүн, напсисин эсепке тартуу  үчүн, кемчиликтерин оңдоо үчүн жана муктаждыктарын  камсыз кылуу үчүн убакыт бөлөт. Тилине ээ болот,  убактысын туура пайдаланат, жумушуна барат жана  жакын досу менен жакшы мамиледе болот.» (Дайлами) 

Мусулман күлүмдөгөн, жылуу жүздүү болуусу керек.  Кабагын түйүп жүрбөөсү керек. Хадиси шарифтерде мындай  делген: 

«Мусулман бир тууганынын жүзүнө кабагын түйүп  караган адамга периштелер лаанат айтышат.» (Хатиб) 

«Мусулман бир тууганына жулуу жүз менен кароо  садага.» (Ж. Сагир) 

Катачылыктарыбызды айткан адамды жакшы кабыл алып,  ага рахмат айтуубуз керек. Хадиси шарифте мындай  айтылган: «Аллахтан корк дегенге, сен алгач өзүңө кара  деген адамды Аллаху таала жакшы көрбөйт» (Байхаки). 

Мусулман адамкерчилиги менен, көркөм мүнөзү менен,  бардык жакшы касиеттери менен башкаларга үлгү болуусу  керек. Ошондой эле, адамдарга жардамдашып, кыйынчылык  туудурбоосу керек. Хадиси шарифте: «Мусулман жеңилдетет, кыйынчылык туудурбайт», - делген. (Насаи) 

Бактылуу, берекелүү өмүр сүрүү үчүн бизден жакыр, кедей  адамдарга карап, абалыбызга шүгүр кылуубуз керек. Хадиси  шарифте мындай делинген: «Байлардын жанына кирип чыгууну азайткыла. Бул Аллаху тааланын силерге  берген ниматтарын төмөн көрүүңөргө себеп болот.» (Хаким) 

Сүйлөп жаткан адам жаман же болбосо жаш бала болсо,  эгер чындык үчүн тырышып жаткан болсо каршылык көрсөтпөө керек, тескерисинче, колдоо көрсөтүү керек.  Хадиси шарифте: «Улуу киши же жактырбаган бирөө  чындыкты коргоп жаткан болсо, айткандары чындык  болсо кабыл кыл, эгер мүнөзү жаман, сөзү жалган болсо  кабыл кылба!» - делген. (Дайлами)

Молчулук, бакубат, кайгы-капасыз убакта дуба кылуу  кыйынчылы келген кезде дуба кылуудан үстөм. Хадиси шарифтерде мындай делген: «Жакшылыктар жамандыктарды кетирет. Раббисин бакубат жана молчулук кезде зикир кылган (эске алган) адамды  Аллаху таала кыйынчылык кезде куткарат.» (Абу  Нуайм) 

Өлүмдү эске алуу өтө жакшы нерсе. Хадиси шарифте:  «Өлүмдү көп эстөө адамды дүнүйөдөн алыстатып,  күнөө кылуудан тыйылтат», - делген. (Ибн Лал) 

Аллахтан коркуп күнөөлөрдөн сактанып, ибадаттарды  орундоого тырышуу керек. Хадиси шарифте мындай  делген: «Аллаху таалага ишенген адам кутулат. Аны  тааныган адам Андан коркот. Корккон адам амандыкта  болот. Аны жакшы көргөн уялат. Берген ырыскысына  ыраазы болгон адамдын көзү ток болот.» (Рамуз) 

Адамдарга кызмат кылуу, жардамдашуу өтө чоң сооп. Хадиси шарифте: «Мусулмандын бир ишине жардамдашкан адам ажылык менен умраны орундагандай соопко жетет», - делген. (Хатиб) 

Адамдардын жакшы жана жаман мүнөздөрү көп. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир нечесин мындайча  билдирген: «Адамдын эң жаманы жалгыз тамактанат, эч кимди  урматтабайт, кызматчысын урат. Мындан да жаманы  адамдарды жек көрөт жана алар да аны жек көрөт.  Андан да жаманы зыяндарынан коркулган жана жакшылык күтүлбөй турган адам. Булардан дагы  жаманы дүнүйө үчүн акыретин саткан (динин дүнүйөлүк  пайда үчүн курал кылган) адам.» (Ибн Асакир) 

«Эң жаман адам – кыйкырып сүйлөгөн, көңүлдү  оорутуп жана көп сүйлөгөн адам. Эң жакшы адам –  кулк-мүнөзү эң жакшы болгон адам.» (Байхаки) 

Карыз, белек, жардам берип, адамдарды кубантуу чоң  сооп. Хадиси шарифте: «Парздардын орундалуусунан  кийинки Аллаху тааланын эң жаксы көргөн иши –  мусулманды кубантуу», - делген. (Табарани) 

Ушул насааттарга баш ийген адам дүйнөдө жана  акыретте бактылуу болот. Кимге диндин буйруктарын  орундоо оңой болсо, анын салих (жакшы) адам экени белгилүү болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш