Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кыйынчылыкка сабыр кылуу




Кыйынчылыкка сабыр кылуу


Аллаху тааланын жазган тагдырына, Аллаху тааладан  келген баардык нерсеге ыраазы болу керек. Баардык  кыйынчылыктарга, ооруларга каршы сабырдуу болууга  тырышуу керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:  «Кимде бул үч нерсе бар болсо, дүнүйө менен  акыреттин жакшылыктарына жетет. Тагдырга ыраазы,  балээге сабыр, молчулукта дуба кылуу.» (Дайлами) 

Кыйынчылык болбосо адамдар көөп-кутура баштайт.  Кыйынчылык келсе эң болбоду дегенде «Йа Раббим  куткара гөр», - деп дуба кылып, тообо кылат. Хазрети  Сейфеддини Фаруки: «Эгер Аллаху таала кулдарына эч  кандай дарт, кыйынчылык бербегенде же өтө аз бергенде  адамдар ага ибадат кылуудан жана Аны зикир кылуудан  гафил болушмак эле. Адамдын дүнүйө жана акырет  бакытына, Аллаху тааланын мээримине жетүүсү үчүн  ибадат жана жакшылык кылуудан жана зикирден кайтпоолору шарт. Бардык адамдар Аллаху тааланын  мээримине муктаж. Жакшылап ойлоно турган болсо дарт  жана кыйынчылыктар чындыгында нимат экендиги, Аллаху таалага тартуучу себеп экендиги ачык болот», - деп  айткан. 

Аллаху таала мээрим кылган кулдарына дарт, кыйынчылык жиберүү аркылуу гафилдиктен ойготот. Анткени, адамдын ден-соолугунун дайыма чын болуусу  Аллаху тааланы унутууга, ага каршы чыгууга, харам иш  кылууга себеп болот. Ошондуктан, хадиси шарифте:  «Мусулмандарда бул үч нерсенин бири болот: Кыллет,  б.а., кедейлик, иллет, б.а., оору-дарт, зыллет, б.а.,  кадыр-баркынын тебеленүүсү», - деп билдирилген.  Дарт, балээ жана кыйынчылыктар – күнөөлөргө кафарат  болот. Башкача айтканда күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө  себеп болот. Хадиси шарифте: «Кулдун күнөөлөрү  көбөйүп, аны күнөөлөрүн кечире турган жакшы амал  табылбаса, ага кыйынчылык келип, күнөөлөрүнүн  кечирилүүсүнө себеп болот» делген. Демек кылган  күнөөлөрүбүздүн бир бөлүгүнө жаза ирээтинде башыбызга  жамандык, бактысыздык келүүдө. Ушундайча күнөөбүздүн  жазасын акыретке калтырбай ушул дүйнөдө тартабыз. Бул  дүйнөдөгү жаза акырет жазасынан жеңил.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш