Бактылуулуктун булагы, ийгиликтин негизи, бардыгы менен жакшы мамиледе болуунун, кыскасы, эки дүйнөдө бактылуулуктун жолун төмөнкү хадиси шарифте билдирген: «Бул дүйнөдө жолоочу сыяктуу бол жана өзүңдү өлгөн, кабырдагы адам деп сана!» Карып деген – эч кимисиз, көмөкчүсүз, жардамчысы жок деген сөз. Адам чөл ортосунда калса, айланада тирүү жан, суу, бак-дарак да жок болсо, тактап айтканда, эч нерсеси болбосо эмне кылмак эле? Албетте, «Аллах» дейт, жалбарынат, кулчулугун жасайт.
Адамдар менен көрүшкөндө бардык нерсенин Аллахтан келе тургандыгын унутпоо керек. Аллаху тааланы унутуп, кандайдыр бир жакшылыкты түздөн-түз ошол адамдан деп билүү өтө кооптуу. Даярдалып жиберилген бардык ниматтар сөзсүз түрдө Аллаху тааладан келет. Бирок, аны алып келүү, даярдоо жумуштарын кээ бир кулдарына насип кылып, жасаттырат. Ушундайча Аллаху таала ага соопторду жазат. Адамды хидаятка (тура жолго) жеткире турган, ага туура бир диний китеп бере турган да Аллаху таала. Бирок, аларды да башка ниматтар сыяктуу түз өзү бербейт. Бир себеп, бир пендеси аркылуу берет. Анткени, ошол себеп менен ал кулуна сооп берип, аны да куткарууну каалайт.
Мусулман өзүнүн жолоочу экенин билүүсү керек. Жолоочу сыяктуу аракет кылуусу кажет. Жолоочу - билетин алган, жол баштыгы колунда, аз убакыттан кийин жүрө турган унаага түшүүнү күтүп, даяр турган адам. Жолго чыга турганынан кабарсыз «Даярдан, жолго чыгасың» дегенде анын абалын ойлоп көрөлүк.
Даярданган адамдын ырахат отуруусу кайда, даярданбаган адамдын шашкалактоосу кайда? Даяр болбогон адам шашкалактайт, ары-бери жүгүрүп, «Аттиң, бул нерсе керек эмес беле, тиги нерсе жок экен! Эми кантем?» - дейт. Бирок, колунан эч нерсе келбейт. Ошондуктан, акырет жолоочусунун ар убакта өлүмгө даяр болуп, күтүп жүрүүсү керек. «Кеттик» дегенде «Мен даярмын» деген адам кандай бактылуу!