Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Өлүмдү көп эстөө керек




Өлүмдү көп эстөө керек


Ар өткөн күн бизди өлүмгө бир кадам жакындатууда.  Адам баласы дүйнөгө келген күндөн баштап ар саатта  өлүмгө карай багыт алууда. Андан качуу мүмкүн эмес.  Бир жерден качкан адам ал жерден бара-бара алыстайт.  Бирок, өлүм андай эмес, канча качсаң да ага карай  жүгүрүп бара жатканыбызды бир күнү жакшы түшүнгөн  болобуз. 

Өлүмдү ойлогон адам ага даярданат. Кабырга  түшпөй туруп кабырын кеңейтет, нурлантат. Өлүмдү көп  ойлогон адам бай болсо, текеберленбейт, бой көтөрбөйт, адамдарды жогорудан карабайт. Колунан  келгенче баарына жакшылык кылат. Кедей болсо да  кайгырбайт. 

Кыйынчылыктардын, оорулардын бүтө турганын жана ырахаттыкка жете тургандыгын ойлойт. Өлүмдү  ойлогон адам тообо кылууну кечиктирбейт. Өлүмдүн  жаш-кары деп тандабай тургандыгын билет. Качан,  кайсыл жерде кандай келе тургандыгы белгисиз. Кээ  бир адамдар: «Баланча жашка келген кезде күнөөлөрдөн тыйылып, тообо кыламын, ажылыкка  барамын, күнөө кылбаймын», - дейт. Бирок, эртеңки  күндү көрө тургандыгы белгисиз. Атүгүл, анын кепени  даяр туруусу да мүмкүн. Бечаранын кабары да жок ... 

Өлүмдү ойлогон адам ибадаттарын жакшылап куштарлануу менен орундайт. Өзү менен кабырга түшө  турган - бир гана анын амалдары. Өмүрүн жакшы  өткөргөн болсо, сулуу жүздүү адам кейпинде жанында  болот, өзүн тааныштырат. «Кыяматка чейин сени  жалгыз калтырбаймын» деп ээсин жалгыздыктан куткарат. Ал эми өмүрүн жаман өткөргөн адамдын  амалдары коркунучтуу айбан кейпинде келет. Кыяматка  чейин аны кыйнап, азап чектиртет. 

Адамды канчалык көп адам жакшы көрсө да,  жакындары көп болсо да, эч ким аны менен бирге  кабырга кирбейт. Ал өз амалдары менен өзүнчө калат.  Өлүмдү ойлогон адам мээримдүү, камкор болот. Бардык  жандууларга жакын болуп, аларга жардамын берет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш