Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Исламдын жайылуусуна кызмат кылуу




Исламдын жайылуусуна кызмат кылуу


Бул тууралуу Имам Раббани хазреттери «Мектубат»  китебинин 1-том, 193-катында мындай деп жазган: «Азыркы учурда мусулмандар эч кимисиз калды. Дин  душмандары ар тараптан чабуул жасап жатышат. Азыр Исламга  кызмат ирээтинде бир акча берүү башка убакта берилген  миңдеген акчадан да алда канча сооптуу. Исламга жасалган эң  чоң кызмат Ахли сүннөт китептерин алып, адамдарга, жаштарга таратуу аркылуу жүзөгө ашат. Кайсы бактылуу  адамга бул кызмат насип болсо, өтө кубансын, көп шүгүр  кылсын. Исламга кызмат кылуу ар дайым сооптуу. Бирок,  Ислам алсырап турган, жалганчылык менен, жалаалар менен  мусулманчылыкты жоюуга аракет кылып жаткан ушул убакта Ахли сүннөт ишенимин таратууга тырышуу эселенген сооп болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам сахабаларына карап  мындай деген: «Силер ушундай убакытта келдиңер, Аллаху тааланын  буйруктары менен тыюуларынын ондо тогузун орундап, ондо бирөөнү орундабасаңар, куруйсуңар, азап тартасыңар! Силерден кийин ошондой бир заман келет, ал  кезде буйруктар менен тыюлардын жалгыз ондон бирин  гана орундаган адам кутулат.» 

Хадиси шарифте айтылган убакыт – дал ушул азыркы  убакыт. Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин, сөздөрүн  таратуу үчүн керемет ээси болуу, аалым болуу шарт эмес. Ар  мусулмандын ушуну аткарууга аракет кылуусу керек. 

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып албоо керек. Кыяматта ар бир  мусулмандан ушул суралат, «Исламга эмне үчүн кызмат  кылбадың?» - делет. Эч кандай шылтоо, себеп кабыл кылынбайт. Пайгамбарлар адамдардын эң үстөмү болуп турса  да эч качан ырахат отурушпады. Аллаху тааланын динин таратуу үчүн күнү-түнү болгон күчтөрүн жумшашты. Бул жолдо күчүн жумшагандарга Аллаху таала да жардамдашып, мужиза  жаратат эле. Биздин да Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин, сөздөрүн таратуубуз жана мусулмандарга жалаа жапкандардын жалганчы экендиктерин жаштарга, досторго  жеткирүүбүз керек. Бул жолдо мал-мүлкү, күч-кубаты, кесиби  аркылуу ат салышпагандар азаптан кутула алышпайт. Бул  жолдо кыйынчылык тартууну өтө чоң бакыт, өтө чоң табыш деп билүү керек. Пайгамбарлар Аллаху тааланын буйруктарын жеткирүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушкан.  Алардын эң үстөмү болгон Мухаммед алейхиссалам: «Мен  көргөн кордукту башка эч кандай пайгамбар көрбөдү», -  деген.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш