Ихлас болбосо


Ихлас – ниеттин туура болуусу, дене менен же  мал-мүлк менен кылынуучу бардык ибадаттарды,  жакшылыктарды Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасоо  деген сөз. Аллаху таала: "Ихлас менен ибадат кылган адамды Бейишке киргиземин”, - деген. Аллах сөзүнөн  кайтпайт.

Акчанын Ислам дининдеги орду – жүрөк (көңүл)  эмес, чөнтөк. Эгер акча жүрөккө сиңе турган болсо, бул  хансарайдын ортосуна таштанды таштаган менен барабар болот. Аллаху таала жүрөктү (көңүлдү) өзү үчүн жараткан, акча  үчүн эмес. 

Акча жүрөккө сиңсе беш тыйын болсо да балакет. Эгер  акча чөнтөктө болсо, жүрөктө акчага деген сүйүү жок  болсо триллиондогон акча болсо да эч кандай зыяны  болбойт. Бардык маселе акчаны өз ордуна койууда. Болбосо бул кедейлик-байлык маселеси эмес, түздөн-түз жүрөк (көңүл) маселеси. Жүрөк эмне менен алек, мына  ушул нерсе маанилүү. Шах Накшибанд хазреттери айтып  берген: "Өмүрүмдөгү мага эң ылайыксыз болуп көрүнгөн  мындай жагдай өткөн. Бир күнү ак сакалдуу карыя  Каабанын жабуусуна жармашып, аны өөп, башы-көзүнө сүртүп жаткан экен. Көздөрүнөн жаштар суудай агылып жаткан эле. Анын бул жагдайына кызыгуу менен  карадым. "Сен анын жүрөгүн кара!” деген илхам (ой)  келди. Жүрөгүнө назар салдым. Айылдагы эки эчкиси менен бир нече койлорун ойлоп жаткан экен. Таң калдым. Ал жерден Мина базарына бардым. Карасам, бир жаш  жигит элүү миң алтындын баасындай соода-сатык  жүргүзүп жаткан экен. Бир гана соода менен алек. "Аттиң  ай, бул жигит куруду. Ошончо акчанын ичине батып кеткен  экен”, - деп ойлодум. Дагы: "Сен анын жүрөгүн кара!” –  деген илхам келди. Жүрөгүнө назар салсам, ар убакытта  жүрөгү "Аллах” деп турган экен. "Акысы өтүп кетпесин,  диниме зыяны тийбесин” деп титирей баштадым, "Субханаллах!” дедим. Йа, Раббим! Ошончо байлыктын  арасында бул жигит "Аллах” дейт. Ал эми тиги адам  жокчулук ичинде да, Каабанын алдында турса да  "Эчкилерим” деген убайымда.”

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш