Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эң жакшы жумуш эмне?




Эң жакшы жумуш эмне?


* Бул дүнүйөдө Аллаху тааланын динине Ал ыраазы болгон көрүнүштө туура кызмат кылгандар, Аллаху тааланын пенделеринин көйгөйлөрүн чечкендер махшарда тактылардын үстүндө, күрсүлөрдө жана көлөкөлөрдө отурушат. Аллаху таала алар менен сүйлөшөт. Алар үчүн эсеп да, азап да жок.

* Эң оор жумуш - Исламга кызмат кылуу. Себеби, Аллаху таала эң оор жумушту эң ишенгенине жана эң көп сүйгөнүнө берген. Пайгамбарларга жана алардын мураскорлоруна берген.

* Ийгиликтин сыры - биримдик, чынчылдык жана жакшы максатты тандап алуу.

* Кимдир бирөөнү өрттөнүп жаткан үйдөн куткаруу чоң сооп болсо дагы, бирөөнү Тозоктон куткарууга салыштырмалуу эч нерсе болбойт. Дагы бир адам күйүүдөн кутулсун деп аракет кылуу керек. Эч ким күйбөсүн деген ойдо болуу керек.

* Мусулмандык дүнүйө жана акыреттик саадат (бакыт). Аллаху тааланын эң жакшы көргөн нерсеси - ыйман келтирилгенден кийин пенделерине кызмат кылуу.

* Эгер Аллаху таала бир пендени сүйсө ага эки нерсени берет. Биринчиси: сүйүктүү бир пендесин ага тааныштырат. Кутман сахабаларга Пайгамбарыбыз алейхиссаламды тааныштыргандай. Экинчиси: ага кайырлуу (жакшы) бир жумуш берет. Эң жакшы жумуш – бул Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын жасаган жумушу.

* Аллахтын динин Аллахтын кулдарынын буттарына чейин жеткирүү кандай чоң ырахат.

* Тасаввуф – убакытты эң баалуу нерсеге сарптоо.

* Тасаввуф – ар кимдин жүгүн көтөрүү жана эч кимге өзүнүн жүгүн жүктөбөө.

* Тасаввуфтун максаты – өзүн кыйнабастан ар дайым Аллаху тааланы эстөө.

* Адамдын кадыры (наркы); идракинин (түшүнүгүнүн) Ахли сүннөт улууларынын акыйкаттарын түшүнгөнүнчөлүк.

* Адамга зарыл болгон нерсе – алгач Ахли сүннөткө ылайык ишенүү, андан кийин Аллаху тааланын буйруктарына жана тыюуларына моюн сунуу, андан кийин тасавуф жолунда илгерилөө.

* Эгер бардык кереметтерди бизге беришсе, бирок, акыйдабыз туура болбосо, анда жагдайыбыз кыйын. Эгер бардык жамандыктарды беришсе, акыйдабыз туура болсо, эч кайгырбашыбыз керек. Туура акыйда, чыныгы акыйда - Ахли сүннөт акыйдасы.

* Аллаху таала адамдарды Бейишке чакырууда. Чакыруучу катары Пайгамбарыбыз алейхиссаламды жиберген. Чакыруу катары Ислам динин жиберди. Бирок, адамдардын көпчүлүгү бул чакырууну кабыл алышкан жок. Ушул себептен Курани каримде: "Көпчүлүгү капыр, көпчүлүгү фасык”, - деп көп айтылууда.

* Акча, атак-даңк адамды ырахаттатпайт. Эгер Исламият аркылуу көзөмөлгө алынбаса адамды дүнүйөдө жана акыретте курутат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш