Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эгерде адилеттүүлүгү менен мамиле кылса куруйбуз




Эгерде адилеттүүлүгү менен мамиле кылса куруйбуз



* Эң жакшы касиет диндар болуу. Бул касиет экөө болсо, диндарлык жана мал-мүлк ээси болуу. Үчөө болсо, диндарлык, мал-мүлк жана хая (уяттуулук). Төртөө болсо, диндарлык, мал-мүлк, хая жана көркөм ахлак. Бешөө болсо, диндарлык, мал-мүлк, хая, көркөм ахлак жана жоомарттык.

* Аллаху таала сырын ишенимдүү адамына берет. Билген адам айтпайт, айткан адам билбейт.

* Ахмактык – катада көшөрүп туруп алуу.

* Аллаху таала бизге ырайымы жана ихсаны менен мамиле кылсын, эгер бизге адилеттүүлүгү менен мамиле кылса куруйбуз.

* Ихластуу адам – эң жакшы абалында да, эң алсыз абалында да мамилеси өзгөрүлбөгөн адам. Аллах үчүн кубануу, Аллах үчүн кайгыруу керек.

* Дуба кылуу менен катар себептерге жармашып, иштөө керек. Себептерге жармашпастан дуба кылуу, курал-жараксыз согушка барууга барабар. Себептерге жармашабыз, бирок, себептерден деп билбейбиз. Жараткан - Аллаху таала.

* Аллаху таала бардык нерсени бир себептин негизинде жаратат. Бул себептерге иш кыла ала турган таасир, күч берген. Бул күчтөрдү биз жаратылыш күчтөрү, физика, химия жана биология мыйзамдары деп атайбыз. Кандайдыр бир иш жасообуз үчүн, бир нерсеге жетишүүбүз үчүн ошол иштин себептерине жармашууга тийишпиз. Мисалы, буудай өндүрүү үчүн жерди айдап, сээп, түшүмдү оруп алыш керек. Адамдардын бардык иш-аракеттери Аллаху тааланын ушул адатынын негизинде пайда болууда. Бирок, Аллаху таала сүйгөн адамдарына жакшылык, икрам болушу үчүн жана айыгышкан душмандарын алдоо үчүн аларга адатын бузуп, себепсиз нерселерди да жаратат.

* Чыныгы керемет – кереметин жашыруу. Мунун сыртында көрүнгөндөр олуянын каалоо жана тандоосу менен эмес. Демек, Кудайдын хикмети ошону талап кылууда.

* Бардык нерсе өткүнчү. Аллаху таала гана түбөлүк. Өткүнчү нерселерге көңүл берүү акмактык. Сен да өтөсүң, сүйгөндөрүң да өтөт. Туруктуу бир нерсеге көңүл берүү керек. Ал болсо – Аллаху таала, Аллахты сүйүү.

* Сөздүн жакшысы - кыска жана жол көрсөтүүчү болгону.

* Капырларга болгон сүйүү ыйманды кетирет.

* Аалым - бул өз динин туура билген адам. Медресени [университетти] бутүргөн адам эмес.

* Напсинин азгындыгы түздөн-түз динге. Ошон үчүн эң жакшы риязат – динибизди кармануу. Эгерде арамдар менен алдай албаса парзды кыла албасын деп нафилдер менен алектендирет. Эгерде адам өз напсин тааныса, Аллаху тааланын тааныйт. Напсиден кутулмайынча адам өзүн коопсуз сезе албайт. Эң чоң күрөш напсиге каршы болууга тийиш. Бул иш Аллаху тааланын динине жармашуу жолу.

* Аллах үчүн болгон иште сүйүү бар. Дүнүйө үчүн болгон иште сүйүү жок. Дүнүйөнүн жаратылышында сүйүү жок.

* Дүнүйө – напсинин жана шайтандын тузагы. Барчылыктагы сыноо тардыктагыга караганда кыйын. Анткени, тардыкта дайыма Аллах дейсиң, барчылыкта акылыңа келгенде гана дейсиң. Бул өтө кооптуу.

* Бейишке кирүү үчүн бардык жолдор, бардык эшиктер ачык. Тозок үчүн дагы ушундай. Силер Бейишке киргизе турган нерсени тандагыла. Силер үчүн эң жакшы болгону ушул. Кылымдардан бери бир эле нерсе айтылып келүүдө, куду силерге силер үчүн жалынып-жалбарылгандай. Бир аз өзүңөргө боор ооругула.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш