Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Гусул дааратка өтө этият болуу керек




Гусул дааратка өтө этият болуу керек


* Дүйнөдөгү эң чоң заалым - Аллаху таалага шүгүр кылбаган адам. Төмөнкү төрт нерсени жасагандар шүгүр кылган болушат:

1 - Аны Аллах деп таануу. (Ыйман келтирүү).

2 - Ахли сүннөт ишениминде болуу.

3 - Көркөм ахлакка ээ болуу.

4 - Анын динин бузбастан Анын пенделерине жеткирүү. [Имам Раббани хазреттери сыяктуу улуулардын китептерин жайылтуу, бул эң мыкты кызмат.]

* Гусул даараты сөзсүз түрдө болушу керек, ага өтө этият болуш керек.

* Момун балээден кутула албайт. Момун адамга келген балээ анын күнөөлөргө батпоосу үчүн тормоз болот.

* Эгерде сааттын ичиндеги механизм туура иштебесе саат туура көрсөтө албайт. Анын бузук болбоосу зарыл...

* Аллаху тааланын эң сүйүктүү пендеси - Аллах үчүн сүйгөн жана Аллах үчүн душман болгон пенде. Душмандык жүрөктө болот.

* Аллаху таала менен өзүңөрдүн ортоңордогу иштерди оңдогула. Адегенде баш ийүү, адептүүлүк, буйруктарга жана тыюуларына баш ийүү, андан кийин суроо.

* Аалым бул – устатынан накыл кылган адам.

* Чыныгы баш ийүү жүрөк менен болот. Тил бөлөк, жүрөк бөлөк сүйлөбөйт. Жүрөк бөлөк сүйлөгөндөн кийин айкелдей туруунун эмне баркы бар?

Улуулар  баа жеткис, алар бриллиант. Аллаху таала бул улуулардын сүйүүсүн таштандыга толгон жүрөккө, башкача айтканда, дүнүйөнү сүйгөн жүрөккө салбайт. Эгерде бир адам бул улууларды сүйсө, демек анын жүрөгү таза, ыңгайлуу жана жөндөмдүү.

Улуулардын сөздөрү эзелки илахий тагдырды көрсөтөт. Алар өзүлөрүнөн сүйлөбөйт. Эгер берүүнү каалабаганда, каалоо бермек эмес.

* Сүйүү башка, сый-урмат башка нерсе. Сүйүүнүн мээге эч кандай тиешеси жок.

* Бисмиллах менен желген тамактар денеге шыпаа. Бисмиллахсыз желген тамактар болсо денеде оору пайда кылат, ар бир ишиңерде бисмиллахты айткыла. Бисмиллахты көп айткан адам Сырат көпүрөсүнөн чагылгандай ылдам өтөт. Аллаху таала момунду Бейишке киргизет жана момунга чакыруу кагазы берилет, Бейишке чакыруу кагазынын астында Бисмиллах деп жазылып, кол коюлган болот.

* Тамактарды Бисмиллах деп жеген адамдын денесине шайтан кире албайт. Бисмиллахсыз желген тамактар менен бирге шайтан да денеге кирет. Бисмиллахты айтпай жеген адам жейт, жейт, бирок, тойбойт. Бисмиллахты айткан адам аз жесе да тоёт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш