Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Көз караганда, жүрөк ишенгенде көрөт




Көз караганда, жүрөк ишенгенде көрөт


*Дүнүйө үчүн эмгектенгендерге тынчтык жок. Тынчтык табуу үчүн өлүмгө даярдануу керек. Өлүмдү ойлогон адам тынчтанат. Дүнүйө үчүн эмгектенген чарчайт. Акырет үчүн 24 саат бою эмгектенген талыкпайт. Себеби, анын максаты бар. Аллах ыраазычылыгы үчүн эмгектенет.

*Ийгиликтүү болуу үчүн напсини тарбиялоо, чиритүү керек. Үрөн жерге себилгенде чирибестен бак жемиш бербейт. Напси үрөнгө окшош. Адамдарга кызмат кылуу үчүн напсини чиритүү керек. Ошондо гана ал жемишин берет. Ошондой адамды бардыгы жакшы көрөт.

*Ахли сүннөт аалымдарын, башкача айтканда, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мурасчыларын таануу - чоң немат. Тааныган менен тааныбагандын ортосундагы айырмачылык көзү көргөн адам менен сокурдун айырмасы сыяктуу. Көрүү шарт эмес, таануу маанилүү. Абу Жахл дагы Пайгамбарыбызды көрдү, бирок, моюндабады, инкар кылды. Эгер бул улууларды тааныгандар, башкача айтканда, сүйгөндөр, жолдорунда болгондор Пайгамбарыбыздын доорунда жашашканда кутман сахабалардан болушмак.

* Көз караганда көрөт, жүрөк ишенгенде көрөт.

* Көзү азиз адам сүрөттөө менен көрбөйт, дүлөй ый менен укпайт. Ар бир адамга түшүнгөн тилинде сүйлөш керек.

* Ахли сүннөт аалымдарынын китептери энергия булагы, бир агым бар. Лампочкасын кошкон адам нурданат.

* Четке кагуу – куру калуу. Сыноо – куру калуу. Моюн сунуу – саадат (бакыт).

* Биз улуулардан үч нерсени үйрөндүк; Окуу, окутуу, таарынбоо.

* Ыдырап кеткен бардык жамааттар, коомдор таарынычтан улам ыдырап кетишкен.

* Буйрукка моюн сунуу керек. Моюн сунган кезде да уктабаш керек. Гафлет адамды курутат.

* Бардык нерсенин жаңысы, достун эскиси.

* Дүнүйөдө акча жыйнаганды билген адам акыретке да сооп жыйнасын.

* Жүрөк Аллаху таалага эң жакын орган, Анын коңшусу. Жүрөк ырахатсыз болгондо кошуна дагы капаланат. Жүрөк оорутпагыла. Эч кимдин жүрөгүн таарынтпагыла. Көптөгөн адамдар коңшусунан улам үйүн алмаштырган. Өтө сак болгула.

* Илим, амал жана ыкылас шарт. Илим жок болсо, амал менен ыкыластын болушу мүмкүн эмес. Илим бар, бирок, амал жок, анда да болбойт. Бардыгы бар, бирок, ыкылас жок, анда да эч нерсеге жарабайт. Илим да болот, амал да болот жана бул амал ыкылас менен жасалат.

* Карыларга кызмат кылуу өтө чоң немат. Эгерде үйүңөрдө кары бирөө бар болсо, анда аны чоң немат деп билип, көп кызмат кылгыла, аларды кубанткыла, көңүлдөрүн алгыла.

* Динди туура билбеген адам чимирикке окшош. Жипти ороп, аны тарткан ар ким айлантат. Динин билбеген адамдын дини жок дегендик.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш