Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Үч нерседе жаңылган оңолбойт




Үч нерседе жаңылган оңолбойт


Даанышман заттар айтышат:

* Өмүрлүк жар, жумуш, дос. Бул үч нерседе жаңылган адам оңолбойт. Мен аны оңдойм дейт, бирок, оңдой албайт. Өзү дагы ага окшоп бузулат. Эгер бир себет таза инжирдин ичине бир даана чириген инжирди салсаңыз ал баарын бузат. Бир себет таза инжир ошол бир чирикти тазарта албайт.

* Дүнүйөдө кадырлуу болгусу келген адам тилине ээ болсун.

* Сабырдуулук - унчукпоо. Сүйлөгөн унчукпагандан артык вара ээси боло албайт.

* Жаман адамдар менен достошкон киши жакшы адамдарга карата жаман ойдо болот.

* Адамдардын билимдүүсү - адамдардын билиминен пайдаланып, өзүнүн билимин көбөйткөн адам.

* Төрт жерде төрт нерсени коргоо, эки нерсени унутпоо жана эки нерсени болсо унутуу керек.

Корголуучу нерселер: Намазда көңүл, эл арасында тил, тамакта кекиртек, бирөөнүн үйүндө көз.

Унутулбай турган нерселер: Аллахтын улуулугу жана өлүм.

Унутууга тийиш нерселер: Бирөөгө жасаган жакшылыгың жана өзүңө жасалган жамандык.

* Шах Накшибанд хазреттеринен"Намазда худу жана хушуга кантип жетүүгө болот?” – деп сурашканда, ал: "Жан тынчтыгы менен адал тамак жейсиңер. Жан тынчтыгы менен даарат аласыңар жана намазды баштап жатканда ифтитах такбирин кимдин алдында турганыңарды билип, ойлоп айтасыңар”, - деп жооп берди.

* Жамаатта ырайым бар. Эгерде бир жамаатта бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болсо, анын дубасы кабыл болсо, анын урматына Аллаху таала алардын бардыгын кечирет.

* Ыймандын негизи - хубб-и филлах жана бухд-и филлах. Башкача айтканда, сүйүүсү да, сүйбөөсү да Аллах үчүн болуу.

* Мусулман – Аллаху таала тандаган жана сүйгөн адам. Анын тандаганын мен тандабай жатам. Анын сүйгөнүн мен сүйбөй жатам, бул болмок беле?

* Курани каримдин негизги тафсири – бул фикх. Эмне кылуу керек, кантип кылуу керек, кантип коргош керек, булар фикх илими менен мүмкүн болот. Динди билбей туруп ыйманды коргоо кыйын.

* Хадиси шарифте: "Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөн жана үйрөткөнүңөр”, - деп айтылууда. Мунун дагы бир мааниси, Курани карим Ислам дини дегендик. Демек, Исламды үйрөнгөн жана үйрөткөн адам эң жакшыңар. Бул жерде "үйрөткөн” деген сөз маанилүү, тагыраагы, үйрөнгөн нерсесин туура үйрөтүү. Оюнан чыгарып сүйлөгөн адам эмес.

* Мусулмандын кадыры жана нуру акыретте белгилүү болот. Тозок "тез өтүп кет, сенин нуруң отумду өчүрүп жатат" дейт.

* Дененин ырыскысы болгондой эле, рухтун да ырыскы бар. Дененин ырыскы берилбесе ооруп калат, акыры өлөт. Рухтун ырыскысы дагы берилбесе ооруп, убакыттын өтүшү менен өлөт. Өлүүсү – Кудай сактасын, капыр болуусу. Намаз жана башка ибадаттар - рухтун ырыскысы. Улуулардын сөздөрү да - рухтун ырыскысы.

* Эки нерседен сактан: Көп тамактануудан жана көп сүйлөөдөн.

* Сабырдуулук – Аллаху тааланы пенделерге даттанбоо.

* Дүнүйөдө эң кабыл боло турган ибадаттардын бири – Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн адамдарга жардам берүү.

* Көйнөктүн биринчи топчусу туура эмес бекитилгенде калгандары дагы туура эмес болотНатыйжаны өзгөртө албайсыңар, бирок, башталгычты өзгөртө аласыңар.

Тадбир  албоо (алдын алуу чарасын көрбөө) - текебердик.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш