Алуу акыретте


* Аллаху таала бир пендесине эки нерсени берген болсо, бардык нерсени бериптир:

Туура ыйман, башкача айтканда, Ахли сүннөт акыйдасы.

Улууларды таануу. [Мазхаб жана акыйда имамдарыбызды, Ахли сүннөт аалымдарын жана силсила-и алиййа улууларын таануу, башкача айтканда, алардын жолунда болуу, баарынын жолу бирдей.]

Эгерде Аллаху таала ушул эки нематты берген болсо, демек, ал тандалыптыр. Аны Аллаху таала тандаптыр, сүйүптүр, мен тандаган жокмун, мен сүйгөн жокмун, эч мындай нерсе болобу?

* Дүнүйөдө эң кыйын нерсе – бул улууларды таануу. Бардык нерсеге бул улууларды таануу аркылуу жетүү мүмкүн.

* Эгерде улуулардын жүрөгүндө бир тыйындык дүнүйөлүк кызыкчылык ою болгондо жасаган кызматтары токтоп калмак.

* Муршид-и камил дегенибиз – туураны туура, жаңылышты жаңылыш деп билген зат. Аларга жеткендердин, атүгүл, алардын садык жолдоочуларына, шакирттерине жеткен адамдын эң чоң пайдасы -  туураны туура, жаңылышты жаңылыш деп билүү. Бул болсо, жетүү эң кыйын болгон чекит. Дүнүйөдө эң кыйын нерсе - туураны табуу.

* Чыныгы мусулмандын үч сапаты бар:

1-Туура ыйман,

2- Сахих ибадат,

3- Ахли сүннөт ишенимин жайылтуу. Ушул үч улуу нематтын уланышынын шарты – ихлас жана сабырдуулук.

* Ыймандын душманы биздин ичибизде, ал - өзүбүздүн напсибиз. Анын жардамчысы - шайтан, майданы болсо - дүнүйө.

* Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасалган кызматта берүү бар, алуу жок. Бул жолдо дүнүйөдө алуу жок, акыретте алынат. Эгер алгыңар келсе дүнүйөдө бергиле. Дүнүйөдө алуу болбойт. Алуу акыретте.

* Адам кандай жашаса ошондой өлөт. Кандай өлсө ошондой тирилет. Аллахтын динине кызмат үчүн жашайлы. Болбосо, өзүң үчүн, эмне үчүн жасаганың, аракет кылганың бардык нерсе текке кетет. Нөл менен алектенген нөлгө барабар. Чындык менен алектенген кадырлуу болот. Чындык – Аллаху таала жактырган нерселер.

* Ыйман базарда сатылбайт, мураска калбайт. Жакшылыкка ылайыксыз адам Пайгамбарды көргөн күндө да мусулман боло албайт, аны Аллаху таала тандап жатат. Буга бердим деп жатат. Сени дос кылдым деп жатат Аллаху таала... Мусулман – Аллаху таала тандаган, дос кылган адам дегендик. Ошого жараша мамиле кылгыла.

* Адамдын колуна тикенек кирсе да кандайдыр бир күнөөнүн айынан болот. Эгер күнөөнүн жазасы дүнүйөдө берилип жаткан болсо анда чоң немат. Эгер акыретте бериле турган болсо анда чоң балээ. Кылмыш болсо жаза бар.

* Бир күнөө кылган адам дароо бир жакшылык кылууга тийиш. Сооп келет, күнөө кетет. Бири-бирин тең салмакташы керек.

* Жоомарттык - Аллаху тааланын чоң нематы. Силер жоомарт адам үчүн капаланбагыла. Анткени, ал жыгылып жатканда Аллаху таала  колунан кармап аны көтөрөт.

* Көп нерсе сурагыла, сурагандын эмес, бергендин улуулугун карагыла. Намазда шейиттикти, олуялыкты сурагыла.

* Талаанын, бакчанын, пайда болгон нематтын шүгүрү үшүр берүү менен орундалат. Мал-мүлктүн, акчанын шүгүрү зекети менен болот. Ошондой эле мал-мүлктү, акчаны тазалайт. Зекет бербегендер эки кылмыш жасаган болот:

1- Буйрукка баш ийбөө,

2- Кедейлердин акыларын тартып алуу.

Намаздын кабыл болушу үчүн дагы зекет керектүү, намаз ыйман менен кетүүгө себеп болот.

* Баарын кудуктун түбүндө деп көргөн адамдын өзү кудуктун түбүндө.

* Эң чоң душман - напси жана жасаган күнөөлөрүбүз. Эң жакын дос болсо – тообо истигфар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш