Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ыймандуу болуунун шүгүрү эмне




Ыймандуу болуунун шүгүрү эмне


* Тозоктон кутулуу биринчи кезекте ыйман менен мүмкүн болот. Андан кийин үйрөнүү менен мүмкүн болот, диниңерди үйрөнгүлө. Анткени, үйрөнбөй туруп кылган ибадатыңар  кабыл болбойт. Эгер эртеден кечке, кечтен таңга чейин ар кандай ибадаттарды жасасаң, бирок, ошол ибадаттын илимин билбесең ал кабыл болбойт. Сен төрт рекет намазды беш рекет окуй албайсың. Же баланча убакыт туруу керек болгон бир жерде кырк жолу тура албайсың, артыкча кыймылдай албайсың, тагыраагы, ал иштин бир илими бар. Муфсиддерин үйрөнөсүң, башкача айтканда, эмне кылганыңда намаз бузулат, ошону үйрөнөсүң. Дааратты үйрөнөсүң, даарат бузган нерселерди үйрөнөсүң, кыскасы, илим Аллаху таала буюрган динди үйрөнүү, андан кийин Ал тыюу салган нерселерден сактануу. Арам – арам. Ага ким тыюу салган? Ага Аллах тыюу салган. Мындай кылбагыла деп жатат, пайыз албагыла деп жатат, арам иш кылбагыла деп жатат, көңүл сындырбагыла деп жатат, момундарга жардам бергиле деп жатат, чыккынчылык кылбагыла деп жатат, уурулук кылбагыла деп жатат. Эгер башка бирөө тыюу салса дароо сактанасың, Аллах тыюу салды деп шалаакылык кылуу кандай? Мындай болбойт. Жерди-асманды жараткан, сени жоктон бар кылган – Аллах жалла жалалух.

* Ахли сүннөт аалымдарына мункир, тагыраагы, душман болгондор Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын убагында жашашканда Ага да душман болушмак. Тастыктагандар, тасвип кылгандар, сүйгөндөр эгер Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын убагында болушканда кутман сахабалар болушмак. Эмне үчүн? Анткени, алар Анын мурасчылары. Эгер көрүү жетиштүү болгондо курайштын бардык капырлары мусулман болушу керек эле, ишенүү башка нерсе, бул - Аллаху тааланын бир лутфу, жакшылыгы жана ихсаны.

* Көз башкаларды көрөт, бирок, өзүн көрө албайт. Эгер адам улуулардын, Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин окуса, өзүн көрөт, тааныйт. Улуулардын өмүр баяндарын, баалуу эмгектерин окууда, жакшы адамдар менен бирге болууда өтө чоң пазилеттер бар. Адам өзүнүн кемчиликтерин жана каталарын ошондо гана түшүнөт. Болбосо, шарапчы же ууру менен жүргөн адам өзүн ар дайым жакшы деп көрөт.

* Момундун сөзү шыпаа, момундун тамагы шыпаа, момундун жүзү шыпаа. Башкача айтканда, момундун жүзүнө сүйүү менен кароо адамдын жүрөгүнө шыпаа берет. Момун - Аллахтын олуя пендеси. Анын сүйүктүү пендеси. Ага сүйүү менен кароо, ага сүйүү менен дуба кылуу, ага сүйүү менен жардам берүү Аллахтын ыраазылыгына ээ кылат. Бардыгыбыз бул дүнүйөдө бир максат үчүн жаратылганбыз. Ал максат – Аллаху тааланын ыраазычылыгын табуу. Анын ыраазычылыгына ээ болуу Анын пенделерине жакшылык кылуу аркылуу ишке ашат. Анын пенделерине берүү аркылуу ишке ашат. Анын пенделеринин дубасын алуу аркылуу ишке ашат. Анын пенделерин ыраазы кылган адам Аллаху тааланы ыраазы кылган болот. Аллаху тааланын ыраазы болушу үчүн алгач пенделери ыраазы болушу керек. Мисалы, ким? Алгач ата-эне, устат, дос, башчы, кыскасы, кимдин акысы бар болсо, биринчи кезекте ошолор ыраазы болуш керек.

* Ар бир адам сүйгөнү менен бирге болот. Дүнүйөдө ачууланган адамы менен бирге эмес. Сүйгөн адамы менен бирге болот.

* Эмгектенүү - бул ибадат. Эмгекчил мусулман - Аллаху тааланын досу.

* Жумуштун арасында намаз окугандардан эмес, намаздардын арасында жумуш кылгандардан, намазга артыкчылык бергендерден болгула. Намаз диндин тиреги, намаз момундун миражы. Бул акыркы экөө - хадиси шариф.

* Чыныгы майрам акыркы демде ыйман менен өлүү, акыркы демде Аллах деп айтуу.

* Ыйманды сактоо үчүн динибизди билүү зарыл. Илимсиз дин болбойт, башкача айтканда, динибизди билмейинче ыйманды сактоого мүмкүн эмес.

* Эң чоң жакшылык - бул ыйман. Ыймандуу болуунун шүгүрү - мусулман катары бири-бирибизди сүйүү. Бул абдан маанилүү.

* Аллаху таала дүнүйөдө адамдарды аралаш жараткан, тагыраагы, мусулманга мүнөздүү бир өзгөчөлүк берген эмес. Эгер ушундай болгондо, башкалар карамак, бул башкача деп айтышмак, мусулманга мүнөздүү өзгөчөлүктү көрүп, ыйман келтиришмек. Ошондо алар кайыпка эмес көргөнүнө ыйман келтирген болушмак. Ал эми ыйман – кайыпка ишенүү. Мухаммед алейхиссаламдын билдиргендерине ыйман келтирүү зарыл. Бирок, акыретте андай болбойт, дос-душман, мусулман-капыр бөлүнөт. Мусулмандар немат-жакшылыктарга ээ болушат, капырлар болсо азапка.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш