Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Лидерлик – бул берүү өнөрү




Лидерлик – бул берүү өнөрү


* Ийгиликтин сыры – буйрукка моюн сунуу. Текебер болбогула, тообо кылуучу болгула, буйрукка моюн сунгула.

* Ар бир мусулман соодагер. Бирок, бүгүнкүнүн, тагыраагы, дүнүйөнүн эмес, эртеңкинин, тагыраагы, акыреттин соодагери. Мусулман болуп, дүнүйө менен акыреттик бакыттын капиталына ээ болгон. Ал эми, соодада максат - пайда табуу. Банкрот болгон адамды акылдуу соодагер деп айтууга болобу? Фикх билбеген, Ислам ахлакына ээ болбогон, кул акысын сактабаган адам банкрот болуудан кутула алабы?

* Лидерлик - бул берүү өнөрү. Алуу эмес.

* Олуялардын захирлери (сырты) аларды тааныбагандарга уу. Тааныгандарга рахмат.

* Улуулар ар бир катаны кечиришет. Бирок, кыянатты кечиришпейт. Кыянат – кылган кызматтарын бир гана өзүнөн деп билген адам.

* Адамдарды түбөлүк бакытка жеткирүүгө, тагыраагы, мусулман болуп, ыйман менен өлүүлөрүнө себепкер болууга аракет кылуу - эң жакшы иш.

* Туураны, Ахли сүннөт акыйдасын түшүндүрүү керек. Жаңылыш көп. Жаңылыш нерселер менен ар кимдин башын чаташтырбаш керек.

* Дүнүйөнүн баркы дүнүйө менен барабар, акыреттин баркы акырет менен барабар. Дүнүйөлүк азыктар биз билген азыктар. Акыреттин азыгы - диний илим. Акыреттин баркынын жанында дүнүйөнүн баркы чиркейдин канатына да барабар эмес. Дүнүйө ар дайым алтын болсо дагы өткүнчү. Акырет болсо туруктуу, түбөлүктүү. Жолдор экиге бөлүнгөн. Ыйман-күфүр, күнөө-сооп, жакшы-жаман, дүнүйө-акырет жана башка. Силер акыретти жана ошол жерде ишиңерге жарай турганын тандагыла.

* Ахли сүннөт аалымдарынын баа жеткис китептерин окугула. Китеп окуу адамдын кадыр-баркын арттырат.

* Аллаху таала напсини жаратканда: "Сен кимсиң, мен киммин? - деп сурады. Ал: "Эна эна, энта энта = Мен менмин, Сен сенсиң”, - деди. Үч миң жыл. Отко ыргытылды, миң жыл ошол жерде калды. Кайра чыкканда жообу дагы эле ошол. Суук Жаханнамга ыргытылды, миң жыл ошол жерде калды, кайра чыкканда жообу дагы эле ошол. Миң жыл ачка калтырылганда акыры ашкере: "Сен менин Раббимсиң, мен сенин алсыз бир макулугуңмун”, - деди. Ушул коркунучтуу жана Аллаху таалага душман болгон макулук ичибизде. Динге, ыйманга ишенбейт, азыгы - арамдар. Аллаху таала аны ушундай жараткан экен. "Напсиңе душмандык кыл, анткени, ал менин душманым”, - деп айткан. Ислам дининин ар бир өкүмүндө напсини сындыруу бөлүгү бар. Буйрук жана тыюулар аны көзөмөлгө алуу үчүн. Адамдар тарткан кыйынчылыктардын себеби напсини тааныбоолору, анын каалоолорун өзүлөрүнүн каалоолору деп ойлоп калуулары.

* Күнөө кылуу напсиге таттуу сезилет. Бардык бидаттар,  күнөөлөр Аллаху тааланын душманы болгон напсини азыктандырат, күчтөндүрөт. Ар бир кылынган күнөө напсини күчтөндүрөт. Напси – адамдын эң чоң душманы. Ал адамдын ыйманын жок кылгысы келет. Ал андан ырахат алат. Бул жагынан алганда, напсини жакшы таануу, айла-амалдарын билүү керек. Бир хадиси шарифтин мааниси: "Напсини тааныган Раббин тааныйт.” [Дайлами]

* Напсини алсыратуучу биринчи дары – Ислам динин кармануу. Арамдардын бардыгы, дүнүйөлүк мал-мүлккө, кызмат ордуна, зоокторго берилүү - бул напсинин азыгы. Аны азыктандырат, күчтөндүрөт. Напси күчтөнгөндө бардык жакшылыктардын, көркөм ахлактын жана маданияттын булагы болгон Исламга кол салат. Динди, ишенимди жана Аллаху тааланын буйруктарын мазактайт. Себеби, напсибиз - Аллахтын душманы. Аллаху таала: "Напсиңе душмандык кылып, мага дос бол!” – деген.

* Адамдан эң акыркы болуп чыга турган мүнөз – бул башчы болуу, буйрук берүү каалоосу. Эгерде аялына буйрук бере албаса көчөдөгүлөргө, болбосо жаныбарларга буйрук бергиси келет. Адамга эң кыйын сезилген нерсе "макул” деп айтуу. Ал ар дайым "жок” деп айткысы келет. Башчы болуу мүнөзү жан чыккандан кийин чыгат.

* Аллаху таала өзүнө каршы кылынган күнөөлөрдү, каршы чыгууларды  тообо кылынганда кечирүүдө. Бирок, Хабибине каршы чыгууну, күнөөлөрдү кечирбейт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам жалис-и илахи. Мурасчылары да ушундай. Алар жалис-и илахи. Аларды таарынтуу өтө жаман. Сактануу керек.

* Эки нерседен абдан коркуш керек:

1- Ыймансыз кетүүдөн.

2- Улуулардын назарынан, көзүнөн түшүүдөн.  Улуулардын назарынан түшүү жети кабат асмандан жети кабат жердин түбүнө түшүүдөн да жаман.

* Өлүүдөн, тирүүдөн пайдалана алуу үчүн ишенүү жана сүйүү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш