Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сен унуттуң, бирок унутулган жоксуң




Сен унуттуң, бирок унутулган жоксуң


 * Баарыбыз акырет жолоочусубуз, муну четке кагып болбойт. Ар бир адам сапарга бара жатканда жолдо жана бара турган жеринде өзүнө зарыл болчу нерселерди алат, башка нерселерди албайт. Муктаж болбой турган нерсени алуу акылсыздык болот. Дүнүйөдөн акыретке зарыл нерселер алынып кетилет. Эң акылдуу адам - өлүмгө даярданган адам. Эң акылсыз адам - бул дүнүйөгө сыйынган адам. Эгер акылсыздар болбогондо дүнүйө кыйрамак.

* Адам бир жерге баруу үчүн бир жерден транспортко минет, башка жерден андан түшөт. Дүнүйө ушуга окшош. Бирок, транспортту жакшы танда. Акыркы аялдамада же Бейиш же Тозок бар.

* Шайтан "алыстатуучу” дегенди билдирет. Аллаху тааланын сүйүүсүнөн, ырайымынан алыстатуучу нерсе. Үч түрдүү шайтан бар. Биринчи шайтан - белгилүү Иблис жана анын урпактары. Иблис Аллах ырайымдуу, кечирет деп, күнөөлөргө васваса кылат (үндөйт). Эгер адам аны укпаса артка кайтып кетет. Экинчи шайтан напси болуп, бул күчтүүрөөк. Шайтанга окшоп кетип калбайт. Ал абдан өжөр, алдамайынча кайра-кайра аракет кыла берет. Үчүнчүсү андан да күчтүү. Ал – жаман дос. Дүнүйөдө кор кылат, акыретте Тозокко алып барат. Адамдан ыйман чыгып кетет, ал адам такыр сезбей калат. Ар кандай бузулган басылмалар дагы жаман достор болуп эсептелет. (Китеп, гезит, журнал, сыналгы ж.б.)

* Адамды курчап алып, ыйманына жабышкан төрт душман бар. Оң жагында шайтан, сол жагында напси, артында жаман дос, алдыда болсо дүнүйө. Дүнүйө ушул зыянда жол көрсөтүүчү.

* Адамдар душманды сырттан издешүүдө, ал эми душман өзүбүздүн ичибизде. Бул душман – напси.

* Ким кимге, эмнеге ишенсе жардамды ошондон күтсүн.

* Ким эмнени меники деген болсо ошол нерсе ага душман болгон.

* Дүнүйөдөгү эң жахил, эң акылсыз макулук - бул адамдардын напсилери. Ар бир каалоосу өзүнө каршы. Азыгы арамдар. Напси ар дайым зыяндуу нерсени каалайт. Аллаху таала буюрууда:

"Эй адамдар, напсиңерге душман болгула. Себеби, напсиңер - менин душманым. Менин буйруктарыма баш ийгендер Бейишке, ал эми баш ийбегендер Тозокко барат.”

* Ибадаттын пайдасы Аллаху таалага эмес ар бир адамдын өзүнө. Эгер айлык акыга иштеген дарыгер бир бейтапка дары берсе, дарыны дарыгерге пайдасы жок деп, ал дарыны колдонбоо акылга сыйбайт. Ууну ичсем дарыгерге эмне зыяны болмок эле деп, уу ичүүсү дагы акылсыздык. Ошондуктан, күнөөлөрүмдүн Аллахка эч кандай зыяны жок деп, ар түрдүү күнөөлөрдү кылуу акылдуу адамдын иши эмес. Өлгөндөн кийин башына түшө турган нерселерди ойлонбогон адам акылдуу боло алабы? Курани Каримде көп жолу: "Силер эч ойлонбойсуңарбы?”, - деп эскертилет.

* Туура эмес транспортко отурган адам каалаган жерине эмес транспорт барган жерге барат. Мисалы, Парижге уча турган учакка түшкөн адам Каабага бара албайт.

* Адамдардын көптүгү, каалаган нерселерин жасоолору, гафлетте (байкабастыкта) жашоолору сени дагы гафлетке тап кылып койбосун. Сен жалгыз өлөсүң, кабырга жалгыз киресиң, өзүң жалгыз эсеп бересиң. Сен динди, ыйманды, Аллахтын буйруктары менен тыюуларын унуттуң. Сен унуттуң, бирок унутулган жоксуң.

* Сырат көпүрөсүндө ар бир адам жети нерседен суралат, жооп бере албаган адам кулайт. Булар: ыйман, намаз, орозо, зекет, ажылык, гусул жана кул акысы. Жетинчи суроого чейин жете алуу өтө кыйын. Жетинчи суроо болсо анда да кыйын. Пайгамбарлар масум, күнөөсүз болушса да ошол жерден коркушат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш