Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ар бир адам сыноодо




Ар бир адам сыноодо


* Ар бир адам сыноодо. Алдаган алданыптыр, эзген эзилиптир.

* Эч кимди басынтпагыла. Басынткан адамдын өзү оодарылат.  

* Эң чоң балээ тилден келет.

* Кишинин иши болсо иши, сүйөт аны ар киши. Кишинин иши болсо киши, туюкка кептелет иши.

* Сүйүүнүн негизи - бул өз ара ишеним. Ишеним бар болсо сүйүү да бар. Экөө тең бар болсо анда ийгилик да бар.

* Момун азык сыяктуу болушу керек. Ага ар дайым муктаждык сезилип турушу керек.

* Жүзү дүнүйөнү караган адам бардыгы менен чыр-чатакта болот. Ал эми жүзү акыретти караган адам бардыгы менен ынтымакта болот.

* Адамдардын кыйынчылыктарына чыдоо - көркөм ахлак.

* Адам деген ушунчалык жакшы болушу мүмкүн деп айтылгандар кандай бактылуу.  

* Өзү таарынгандарга жакшылык кылган, белек берген адам өзүн жакшы сезет.

* Жүрөктү эң көп нурданткан нерсе – өзү ачууланган адамга дуба кылуу.

* Кул акысынан корккон адам бутун созуп, ырахат жата албайт.

* Футувват [марттык] - сени сүйбөгөнгө ихсан кылууң, өзүң сүйбөгөн менен таттуу сүйлөшүүң.  

* Мурувват, адамкерчилик – бул жакшылык кылууну каалоосу.

* Жамандын жакшы, ал эми жакшынын да жаман мүнөзү болушу мүмкүн. Жакшы мүнөздөрдү үлгү алуу керек! Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бир момундун жакшылыгын унутуп, жамандыгын эстеген адамды Аллаху таала жактырбайт”, - деп айтууда.

* Такыбаа - акылдуулук менен жасалган иштердин эң жакшысы. Хакка каршы чыгуу - акылсыздык менен жасалган иштердин эң жаманы.

* Жоомарт болбогон адам адамдардын сүйүүсүн таба албайт.

* Өз өмүрүн пайдасыз, бош нерселер менен өткөргөн адам талаага үрөн себүү мезгилин өткөрүп жиберген болот. Өз убагында үрөн сеппеген адам орум-жыйым убактысы келгенде сөзсүз өкүнүп калат.

* Ийниңде эки муфаттиш (көзөмөлчү) бар, ар дайым текшерип турат. Ошентип, аз сүйлө, оозуңдан чыккан сөздүн жакшы же жаман деп жазылганын унутпа.

* Бир сөз сүйлөп жатканда өзүңдүн да, алдыңдагынын да акыретин ойлоп сүйлө.

* Жылуу жүздүү болбогон адамдын сүйүү жана ишеним табуусу кыйын.

* Эгер бир мусулман кандайдыр бир жумуш үчүн бир мусулмандын жанына ырахат бара албаса, тартынбай бара албаса, ошол өзүнөн тартынылган мусулмандын акыркы деминен коркулат.

* Өлүмдү эстөө өмүрдү узартат, көп жашоону каалоо өмүрдү кыскартат. Ушундай адам үч нерсеге тойбой кетет. Каалоолоруна тойбойт, үмүттөнгөн нерсесине жете албайт. Акырет үчүн жетиштүү даярдана албайт.   

* Жагдайыңа нааразы болбо, жамандын жаманы бар.

* Жугуштуу оорулардын жукпоо ыктымалдыгы да бар. Бирок, бир имараттагы жаман адам башка бөлмөдө болсо дагы, андагы жаман мүнөздөрдүн жукпоо ыктымалдыгы жок. Жамандык тез жайылат.

* Ийгиликтин сыры - жылуу жүз, таттуу тил жана жакшы саясат. Жакшы саясат – баарынын кубануусу.

* Сүйүү жакындыкты талап кылат, качкан куру калат. Көздөн алыс болгон көңүлдөн да алыс болот.

* Ар бир кыйынчылыктын себеби – күнөө кылуу.

* Текебердик жана ачуулануу башка көптөгөн кырсыктарды алып келет.

* Жакшылар менен дос болгон адам жамандардан коргонот.

* Жүрөктөгү текебердикке ылайык акылда кемчилик болот.

* Сөз ташуу – аманатка кыянат.

* Аалым менен бирге болгон кадырлуу, жахил менен бирге болгон кор болот.

* Диний өкүмдөрдү акыл менен түшүнүүгө аракет кылган адам пайгамбардыкка ишенбеген болот.

* Момун аз сүйлөйт, көп иш жасайт. Мунафык болсо көп сүйлөйт, аз иш жасайт.

* Акыл сыяктуу байлык, жакшы мүнөз сыяктуу дос, адеп сыяктуу мурас, илим сыяктуу аброй болбойт.

* Тил жырткыч айбан сыяктуу, боштондукка чыгарылса жарып салат.

* Адам тилинин астында, сүйлөгөндө белгилүү болот.

* Жаман адам баарын өзү сыяктуу жаман деп билет.

* Бардык жамандыктардын башаты - жаман дос.

* Жүрөк таза болсо тилден жакшы сөздөр чыгат.

* Ар бир жакшылык сабырдуулук менен колго тийет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш