* Ар дайым
өзүңөрдү кемчиликтүү, каталуу деп билгиле. Марттык – күнөөнү өзүндө деп билүү.
Пайгамбарыбыз алейхиссалам убада кылууда: "Өзү туура болсо дагы, меники туура
эмес деген адамга Бейишти убада кылуудамын, сөз берүүдөмүн”, - деп айтууда.
* Жакшы болуу
үчүн жакшылар менен бирге болуу керек. Пенденин жүрөгүн калыбына келтирүүсү
үчүн жакшылар менен бирге болгондон өткөн пайдалуу нерсе жок. Дагы, пенденин
фасыктар менен бирге болуп, алардын иштерине көңүл буруп, назар салуусунан
өткөн зыяндуу эч нерсе жок.
* Тамакты дин
боордоштору менен көтөрүңкү маанайда, жакырлар менен икрам жана жоомарттыкта,
башка адамдар менен болсо мурувват ичинде жеш керек.
* Ар бир нерсе
үчүн керем (жакшылык) бар. Жүрөктүн кереми - Аллаху тааладан ыраазы болуу,
тагдырга ыраазы болуу.
* Силерде жок
жакшы касиеттер менен силерди мактаган адамдын бир күнү силерде жок жаман
нерселер менен да каралай турганын унутпагыла.
* Каалаган
нерселерин бербей койгон кезиңерде ачууланган, таарынган же араздашкан дос
чыныгы дос эмес.
* Текебердик бар
болгон баштан акыл таба албайсың.
* Адамдардын
акылсыз тобу – өздөрү макталуусун жактыргандар.
* Тобокел - бул
бардык нерсени Аллахтан билүү жана ырыскыны Анын берерине ишенүү.
* Тобокел -
бардык иштериңде Аллаху таалага багынуу, башка түшкөн бардык нерсени Андан
билип, чыдай алуу.
* Адамга аз
өлчөмдөгү мал-мүлк жетет. Көп мал-мүлк болсо жетпейт.
* Адам
ишенимдүү бир досун жоготсо бул ал адам үчүн зиллет (кордук).
* Башкалар
тууралуу жакшы ойдо болгон кишинин жашоосу жагымдуу өтөт.
* Калп айтуу
ишенимдүүлүктү кетирет.
* Кемчиликсиз
дос издегендер доссуз калат.
* Күн сайын
эртеден кечке чейин мечитте ибадат кылып, Аллаху таала менин ырыскымды кайдан
болсо жиберет деп айткан адам жахил. Анын Исламдан кабары жок.
* Ихлас –
амалдардын апааттарынан кутулуу. Тобокел - ырыскынын Аллаху тааладан экендигине
ишенүү. Зухд үч түрдүү; жахилдин зухду - арамдарды таштоо. Аалымдардын зухду -
адал нерселердин артыгынан сактануу. Арифтердин зухду - Аллаху тааланы
унуттурган нерселерди таштоо.
* Күнөө кылууну
кордук; күнөөдөн баш тартууну мурувват деп көргүлө жана билгиле. Күнөөлөр
ыйманды алсыратат.
* Кулдардын
бири-бирине каршы кылган кылмыштары өзүлөрү үчүн зулумдуктан башка эч нерсе
эмес.
* Адам бардык
нерсеге шыпаа берген жалгыз заттын Аллаху таала экендигине ишенет; бирок, ушуну
менен катар дартына дабаа болушу үчүн дары колдонот. Анткени, дары бир себеп.
Шыпааны берүүчү болсо – жалгыз Аллаху таала гана.
* Момун Аллаху
тааладан коркконуна жараша эч нерседен коркпойт. Эгерде ал катуу ооруга
чалдыгып калса же коркунучтуу кырсыкка учураса же балээге кабылса жашыруун же
ашкере; "Йа, Рабби! Мага бул балээни эмне үчүн бердиң?” – деп даттанбайт.
Тескерисинче, ооруга, балээге жана кырсыкка карабастан Аллаху тааланы зикир
жана шүгүр кылат.
* Дүнүйөдө захид
бол, дүнүйөнүн малына байланба! Акыретти каалоочу бол, ал үчүн эмгектен! Ар бир
ишиңде Аллаху тааланы эсте. Эгер ушундай кылсаң, кутулгандардан болосуң.
* Адамдарды
толук ыраазы кылуу жана кубантуу өтө кыйын. Бир адамдын бардык адамдарды өзүнөн
ыраазы кылуусу мүмкүн эмес. Ошондуктан, пенде дайыма Раббисини ыраазы кылууга
жана кубантууга маани бериши керек. Ихлас ээси болушу керек.