* Жүрөк дүнүйөлүк каалоолордун
бирине байланып, өткүнчү лаззаттардын бирин ээрчип турганда акыретти кантип
сүйө алат?
* Адамдын илими жогорулаган
сайын, Кудайга болгон сүйүүсү арткан сайын, напсинен сууп, жек көрө баштайт.
Бул абалга жетүү – Аллаху тааланын лутуф жана ихсаны. Ошол пендесин
сүйгөндүгүнүн белгиси.
* Дүнүйөдөгү чыныгы чебердик көп
акча табуу эмес, көп сооп табуу.
* Дарттарыңарды пенделерге эмес,
Аллаху таалага айткыла. Бөтөнчө учурлардан тышкары бардык дарт жана балээлердин
өзүбүздүн кемчилик жана күнөөлөрүбүздөн улам экендигин унутпайлы.
* Жумшак жана сылык адам жеңет.
* Силерге диниңерди, ыйманыңарды
үйрөткөн эне-атаңар силерден ыраазы болмоюнча, Аллаху тааланын сүйүктүү пендеси
боло албайсыңар. Ихсанга жетүүнүн себеби – эне-атанын дубасы.
* Чөлдө калып кеткен адамдын
сууну эңсегени сыяктуу, баарынан дуба алууга аракет кылгыла. Үч адамдын дубасы
кабыл болуп, четке кагылбайт:
1) Эне-атанын
2) Мусапырдын
3) Зулумдукка учурагандардын.
* Алгачкы ыйманыбызды энебизден,
атабыздан үйрөндүк. Алар биздин алгачкы устазыбыз. Ошондуктан, эңе-ата акысы
абдан чоң. Ошон үчүн дин душмандары Исламдын тамырын кыркуу үчүн үй-бүлөнү
бузуу керек дешет.
* Биз балдарыбызга абдан кам
көрүшүбүз керек. Курани каримди окууга, Ахли сүннөт акыйдасын жана илмихал
маалыматтарын үйрөнүүлөрүнө, Ахли сүннөт аалымдарын таанууларына жана
сүйүүлөрүнө чоң маани берүү керек.
* Душманын тааныбаган адам досун
таба албайт.
* Ахли сүннөт итикадынан бир
маселени үйрөтүү ондогон нафил ажылыктарга караганда сооптуу.
* Эгерде бир окуучу өз динин
үйрөнүүнү, динге кызмат кылууну, мусулмандарга жана адамдарга пайдалуу болууну
ниет кылса, эгер аны ушул ниет менен окуса, анын ар бир деми зикирге айланат.
* Адепти сактабаган бир да адам
Аллаху таалага жете албайт, башкача айтканда, олуя боло албайт. Дин улууларынын
жолу – башынан аягына чейин адеп. Намаздын сүннөттөрүн жана адептеринин бирин
кармануу, танзихи бир макрухтан сактануу; зикир жана ой жүгүрдүүдөн
(марифаттан) жогору турат.
* Ислам дарак сыяктуу. Анын
тамыры – ыйман, денеси – ибадат, мөмөсү – ихлас.
* Динибиздин кыскача мазмуну 4
сөз: ишенүү, сүйүү, аткаруу, сактануу.
* Таттуу тилдүү жана жарык жүздүү
болгула. Эч ким менен талашып-тартышпагыла. Бөлүнүп-жарылбагыла.
Бөлүнүп-жарылуу бул – фитна, эч качан бөлүнүп-жарылбагыла.