Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Силер бизге калган нерсени карагыла




Силер бизге калган нерсени карагыла


* Тасаввуф - акыркы демде ыйман менен кете алуу, тагыраагы, Аллах деп айта алуу илими.

* Сабырдуулуктун белгиси - даттанууну таштап, кыйынчылыктарды жана балээлерди жашыруу.

* Өлүмдү эстөө - Аллаху тааланы сүйүүнүн белгиси.

* Адеп – бул сөздү угуу, каршы чыкпастан, чечмелебестен макул деп айтуу.

* Адамдарды иштетүүнүн негизги шарты – адамдын ышкысын сындырбоо.

* Ийгиликтүү болуу үчүн 4 шарт бар:

Ыйман, Адилет, Чынчылдык, Жан аябастык.

* Ыйман момун менен оттун ортосундагы чоң көшөгө сыяктуу. Момунду оттон сактайт. Ыйманы жок адам куураган дегендик. Куураган дарак эмне кылынат, кыркылат жана күйгүзүлөт. Дүнүйөдө дагы күйгүзүшүүдө. Акыретти өзүңөр ойлоп көрө бергиле.

* Казынын алдында падыша менен койчу бир катарда, аларга бирдей мамиле кылынат. Бул адилеттүүлүктүн талабы.

* Силер бизге калган нерсени карагыла. Бизде бар болгон нерсени эмес. Бизге калган нерсе – Аллах ыраазылыгы үчүн берген нерселерибиз.

* Сабыр ачуу, бирок, шыпаасы анык.

* Жакшылык көрүүнүн жолу жакшылык кылуу аркылуу өтөт.

* Алгач истишара, анан истихара.

* Бактысыздыктын белгилери: абалына нааразы болуу, илими менен амал кылбоо, кылган амалынын ихлассыз болуусу.

* Көп санда жакшы бар. Бирок, алардын эң жакшысы эки нерсе:

1- Туура ыйман.

2- Адамдарга кызмат кылуу, жардам берүү жана мээримдүүлүк.

Жаман нерселер көп, бирок, эң жаманы эки нерсе:

1-      Ыймансыздык.

2-      Адамдарды кыйноо.

* Пайгамбарыбыздын жолуна туура келбеген нерсенин баары закым.

* Ислам аалымдарына күн сайын бир Фатиханы окуп багышта. Алар дагы белекке жооп кайтарышат.  Бул жооп сени дүнүйөд жана акыретте бактылуу кыла турган нерселерден болуп калышы мүмкүн.

* Улууларга дуба кылган адам алардын келбетинде өзүнө дуба кылууда.

* Ачуунун башталышы убактылуу акылсыздык, аягы болсо түбөлүк өкүнүү.

* Фараондор "мен, мен” деп өмүр сүрүшкөн.

* Кимде-ким тажап жаткан болсо, бул дүнүйө иштери үчүн, бул ошол адамдын дүнүйөнү сүйөөрүн көрсөтөт.

* Тозоктогулардын көбү байлар жана аялдар экени кабарланды. Бул кордоо эмес, эскертүү. Анын үстүнө, алгачкы момун аял эле. (Хазрети Хатича энебиз). Алгачкы шейит да аял болгон. (Хазрети Сумайя)

* Ихлас - Аллаху тааланы өтө сүйүү жана сүйгөн нерселеринин баарын да Аллах үчүн сүйүү.

* Ахли сүннөт аалымдарынын жашоосунун негизи үчөө:

Үйрөнүү, үйрөнгөндөрүн үйрөтүү жана биримдикти, ынтымакты камсыз кылуу.

* Илим - бул момундун дүнүйөдөгү чырагы. Илимдин эки өлчөмү бар: үйрөнүү жана үйрөнгөнүн үйрөтүү. Кайдан үйрөнөт? Ахли сүннөт аалымдарынын баалуу китептеринен. Үйрөнгөнүн үйрөтүү маанилүү, өз оюнан булаксыз сүйлөгөн адамдан кач.

* Ислам – үйрөнүү жана үйрөнгөнүн үйрөтүү. Үйрөтүү эмес, үйрөнгөнүн үйрөтүү. Үйрөнүү жана үйрөтүү эмес. Анткени, ким өзүнөн сүйлөсө, ал сөзсүз куруйт жана өзү менен бирге уккандарды да курутат.

* Олуялардын төрт түрү бар:                      

1- Олуя экенин өзү да билет, башкалар да билет.

2- Олуя экенин өзү билет, башкалар билбейт.

3-  Олуя экенин өзү билбейт, башкалар билет.

4-  Олуя экенин өзү да билбейт, башкалар да билбейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш