Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Аллаху таала силерге муктаж эмес




Аллаху таала силерге муктаж эмес


* Пайгамбарлардан башка ар бир адам күнөө кылат. Аллаху таала сүйүктүү пенделеринин күнөөлөрүнүн жазасын акыретке калтырбайт. Анткени, күнөө - бул кылмыш. Анын жообу – жаза. Дүнүйөдө үч кыйынчылыкты берет:

1- Ооруну берет. Эгер сабыр кылса кечирет. Себептерге жармашуу жана келген ооруну Аллахтан деп билүү керек. Жана эмне максат менен келгенин билип, шүгүр кылуу керек.

2- Күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн экинчи жол – материалдык  кыйынчылык. Карызга батуу. Карыздарды төлөө үчүн тартылган кыйынчылыктар. Бул да күнөөлөрдүн кечирилишинин себеби.

3- Адамдардын калп, ушак жана жалаалары аркылуу адилетсиз түрдө жалаага тап болуу.

* Аалымдар менен бирге болгондун илими артат. Салихтер менен бирге болгондун ибадатка карата каалоосу жана күнөөлөрдөн качуу арзуусу артат. Фасыктар [ашкере күнөө кылгандар] менен бирге болгондун күнөө кылууга батымдуулугу артат.  Байлар менен бирге болгондун дүнүйөгө карата сүйүүсү артат. Жакырлар менен бирге болгондун шүгүрү артат.

* Аллаху тааланын адамдарда акылар бар экенин бил. Күндүз кылынышы керек болгон ибадаттын түнкүсүн, түнкүсүн кылынышы керек болгон ибадаттын болсо күндүз кылынышын кабыл албайт. Парз карыздарын өтөмөйүнчө ошол парздарга байланыштуу нафилдерди кабыл албайт. Кыяматта тараза оор болушу үчүн Хакка моюн сун жана аны хаким кыл. Аллаху тааланын рахмат жана азап аяттарын бирге билдирүүсүнүн себеби – пенденин коркуу менен үмүттүн ортосунда болушу үчүн. Эгер ушул осуятымды аткарсаң өлүмдөн да сүйкүмдүү бир нерсең болбойт. Эгер буларды аткарбай турган болсоң, өлүмдөн да жаман бир нерсең болбойт. Бирок, өлүм сени сөзсүз табат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш