Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бири-бирибизди сүйүү




Бири-бирибизди сүйүү


Даанышман заттар айтышат:

* Эгер бир адам бир момунду кабагын бүркөп караса кул акысы болот. Гыйбат кылса, көңүлүн сындырса же баланча нерсе кылса эмес, кабагын бүркөп караса. Ошондуктан, мусулман катары бири-бирибизди сүйүүгө милдеттүүбүз. Баарыбыз чоң нематтын ичиндебиз. Баарыбыз тандалыппыз. Аллаху таала дүнүйө-мүлктү, мартабаны тилегендерге берет, бирок, ыйманды, ахли сүннөт акыйдасын тилегенине берет. Ыйман нематынын шүгүрүн орундай алуу үчүн бири-бирибизди сүйүүбүз шарт.

Ахли сүннөт аалымдары: «Аллаху таалага шүгүр кылуу үчүн бири-бириңерди сүйгүлө», - деп буюрушууда. Эгер бири-бирибизди көп сүйсөк көп пайдалары бар. Биринчиси, Аллаху таалага шүгүр кылган болуудабыз. Анткени, Аллаху таала берген нематынын шүгүрүн суроодо. Анын шүгүрү болсо - момундардын бири-бирин сүйүүлөрү. Экинчи пайдасы, дүнүйөдө ким кимди сүйсө, акыретте аны менен бирге болот. Үчүнчүсү, бири-бирин Аллах үчүн сүйгөндөр акыретте баары суктанган чоң нематтарга ээ болушат, Аллаху таала ыраазы болгон, сүйгөн жерде болушат.   

* Ыйманды коргоп, ыйман менен өлүү үчүн көрбөө керек, укпоо керек, тилди тыюу керек. Ахли сүннөт акыйдасын үйрөнүп, өз ката жана кемчиликтерибизди оңдоого, кемчиликтерибизди толуктоого арекет кылуубуз керек. Дүнүйө жашоосунда бир жолоочубуз. Баштыгыбызды акыретте ачабыз. Аны эмне менен толтурганыбызга көңүл бурушубуз керек. Зарыл жана баалуу нерселерди, барган жерибизде жарактуу болгон нерселерди тандашыбыз керек. Мунун, тигинин нерсесин да баштыгыбызга салбайлы.

* Дүнүйөдө адамдар аралаш. Мусулмандар менен ыймансыздар аралаш. Аллаху таала мусулмандарга ыймандарынын жообу катары бул дүнүйөдө нематтарды дароо бербөөдө. Андай болгондо, ыймансыздар: «Демек, мусулман болуу жакшы нерсе экен», - дешмек, дароо ыйман келтиришмек. Бирок, көргөндөрүнө ыйман келтирген болушмак. Ал эми ыйман кайыпка болот, Мухаммед алейхиссаламдын билдиргендерине ыйман келтирүү зарыл.

* Ыйман өтө маанилүү жана так, бар же жок, ортосу болбойт. Бир адам Пайгамбарыбыз алейхиссалам алып келген бир нерсеге ишенсе, бир маселеде «кызык, ушундайбы же башкачабы» десе, олку-солку болсо же бир маселени жактырбаса, Кудай сактасын, күфүргө кирет.  

* Биримдикте береке, рахмат, бөлүнүүдө оопат, Кудайдын азабы бар. Бири-бириңерди сүйгүлө.

* Дүнүйө - айрылуу жери.

* Дүнүйөгө болгон ачкөздүк, акча жана атак-даңк эки ачка карышкырдын зыянынан да зыяндуу.

* Жакшылар жакшылыктарды да бир баштыкка толтуруп өздөрү менен бирге алып кетишти. Кетишти, жакшылыктарды да алып кетишти.  

* Улуулардын жолунун негизи - адеп. Жасагандарыбыз өтө жакшы нерселер, пайдалуу жана жакшы иштер болушу мүмкүн. Бирок, булар адеп менен бирикпесе эч нерсеге жарабайт.

* Балбан атаандашын жеңген адам эмес, ачууланганда ачуусун жеңген адам.

* Ким Аллах үчүн болсо, Аллаху таала да ал үчүн. Ким андан алыстаса, кайгыга батат. Истигфар кылгыла, ошондо сөзсүз Аны кечиримдүү абалда табасыңар. Дуба балээ-кырсыкты кетирет.

* Кыйынчылыкты өзүнө айткан, тагыраагы, шүгүр, сабыр кылбай оф-уф деп наалып жүргөн адам напсине Аллаху тааланы даттанган болот. Башкасына айткан адам бул жолу айткан адамына даттанган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш