Суроо: "Мусулман
дүнүйөдө да ырахат, акыретте да ырахат болот. Кыйынчылыкка дуушар болуу
акыретте да кыйынчылыкка дуушар боло турганын көрсөтөт”, - деп жатат. Бул сөз
туурабы?
ЖООП: Биринчи
сөз туура. Экинчи сөз жаңылыш. Аллаху таала сүйгөндөрүнө сүйгөнүнө жараша оор
балээлерди жиберет. Ал момун болсо ошол балээни чоң немат катары көрөт.
Натыйжада ал да кубанат. Үч хадиси шарифтин мааниси төмөңкүдөй:
"Аллаху таала айтат: "Мага жетүүнү каалашсын деп, мен дүнүйөнүн
досторум үчүн азаптуу, бүдөмүк, тар жана түйшүктүү болушун кааладым. Мен
дүнүйөнү досторум үчүн зындан, душмандарым үчүн болсо бир Бейиш катары
жараттым.” [Байхаки]
"Дүнүйөнүн таттуулугу акыретте ачуулукка себеп болот. Дүнүйөнүн
ачуулугу акыретте таттуулукка, башкача айтканда, ырахаттыктар кыйынчылыкка,
кыйынчылыктар ырахаттыкка себеп болот.” [И.Ахмед]
"Эң катуу балээ пайгамбарларга, олуяларга жана окшошторуна келет. Адам
ыйманынын бекемдигине жараша баээге тап болот. Эгер ыйманы бекем болсо балээси
катуу, ыйманы алсыз болсо жеңил болот.” [Тирмизи]
Дарттарга тап болот, анбия жана олуя,
Асмандан жамгыр сыяктуу аларга жаайт
балээ.
Демек, бир мусулманга көп кыйынчылык, балээ
келгенде ал өтө күнөөлүү бирөө эмес. Билким, жакшы бир зат болушу ыктымал деп
ойлоо орундуу болот.