Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Кутулуунун жалгыз гана жолу бар




Кутулуунун жалгыз гана жолу бар


* Эң жакшы адам - өзүн эң жаман билген адам. Эң жаман адам – өзүнө жакын жолонбогон адам.

* Олуяны сүйүү напсини ортодон алып салуудан, жеке кызыкчылыгын ойлобоодон улам болот.

* Эң жакшы иш - жакшы адамдар менен бирге болуу. Эң жаман иш – жаман адамдар менен бирге болуу.

* Момундун майрамы - бул күнөөлөрү кечирилген күн, ыйман менен өлгөн күн.

* Ким колун арамга сунса колун отко сунат. Ким арамга буту менен барса отко барат. Арамды жеген адам отту жейт. Арамды караган адам отту карайт, от болсо аны күйгүзөт. Мунун кереги барбы ... кичине сабыр кыл!

* Момунга келген нерсенин баары жакшы.

* Ийгиликтин сыры - берүү.

* Кутулуунун бир гана жолу бар. Ал болсо - кутулгандар менен бирге болуу. Ахли сүннөт ишениминде болбогон адам кутула албайт.

* Көкүрөгүн кыбыладан бурган адамдын намазы бузулгандай эле, Исламдан жүзүн бурган адамдын дүнүйөсү да, акырети да бузулат.

* Ачкөздүк менен дүнүйөгө жабышкан адам таң калыштуу. Себеби, өлүм аны издөөдө. Унутту, бирок унутулган жок. Күлөт, бирок, Рабби андан ыраазыбы же жокпу билбейт.

* Үч нерсе мени таң калтырды. Булар; Өлүм жакындап калганына карабай дүнүйөлүк нерселердин артынан түшкөндөрдүн абалы, кайдыгерликке түшүп, өздөрүн унутушса да, унутулбаган болуп, эсепке тартыла тургандар жана Рабби ыраазы экенин билбей туруп оозун толтуруп күлгөндөрдүн абалы.

* Аллаху таала баарыбызды дүнүйө жана акыреттин мырзасы болгон жана адамдардын бардык жагынан эң жогорусу, эң жакшысы болгон Расулуллахка моюн сунуу бактысын насип кылсын! Анткени, Аллаху таала Ага моюн сунууну, Ага уйууну абдан жакшы көрөт. Ага кымыйдай уйуу дүнүйөнүн бардык лаззаттарынан жана акыреттин бардык жакшылыктарынан жогору. Чыныгы үстөмдүк – Анын сүннөтү саниййасына уйуу.

* Жүрөктүн карайганынын белгиси – күнөөлөрдөн капаланбоосу, күнөөнү уланта берүүсү. Кылган күнөөлөрүнөн улам жүрөгү карайып кеткендиктен, эми насааттар ага таасир кылбайт жана кайдыгерликтен ойгонбойт.

* Мына бул төрт нерсеге көңүл бур: Күнөөлөрдөн сактан, намазыңды жамаат менен оку, жоомарт бол, Аллаху тааланын жараткандарына мээримдүүлүк көрсөт.

* Адамдын жаратылуусунун максаты – кулдук кылуусу. Кулдуктун максаты – кандай болгон күндө да Аллаху тааланы унутпоо. Аллаху таала үчүн жасаган ар бир ишиң – ихлас. Эл үчүн жасагандарыңдын баары – рия.

* Жубайынын, досторунун көңүлүн алуу үчүн күнөө кылуу, өзүн отко таштоо акылсыздык.

* Дүнүйөнү максат кылып албоо керек. Дүнүйө напсинин каалоолоруна жардамчы. Дүнүйө менен акырет бир жерде болбойт. Дүнүйөнү сүйүү – күнөөлөрдүн башы. Дүнүйөнү сүйгөндөр зыянга учурашат. Дүнүйөнү сүйбөөнүн дарысы – Ислам динин кармануу.

* Бул доордо дүнүйөнү таштоо абдан кыйын. Дүнүйөнү таштоо зарыл. Чындап таштай албаган адам аны өкүм жагынан таштоо керек. Ошондо ал акыретте кутула алат. Өкүм жагынан таштоо да чоң немат. Буга болсо жеп-ичүүдө, кийинүүдө, жашоодо диндин чегинен чыкпоо аркылуу жетүүгө болот.

* Убакыт өтө баалуу. Аны баалуу нерселерге колдонуу керек. Иштердин эң баалуусу – кожоюнуна кызмат кылуу. Башкача айтканда, Аллаху таалага ибадат жана таат кылуу.

* Эненин өз перзентине пайдасы тийбей турган (эненин өз перзентинен кача турган) Кыямат күнү үчүн даярдык көрбөгөн адамга өкүнүчтөр болсун!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш