Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Душманды тааныбаган досту таба албайт




Душманды тааныбаган досту таба албайт


* Душманын тааныбаган адам досун таба албайт. Напсин тааныбаган адам Аллахты тааный албайт, напсин тааныган адам Аллахты тааныйт. Напсинен кутулмайынча адам өзүн коопсуз сезе албайт. Эң чоң күрөш напсиге каршы болушу керек. Бул иш бир тарикат жолу эмес, Аллахтын динине жармашуу жолу.

* Аллаху таала менен пенделердин ортосундагы күнөөлөр үчүн шапаат, кечирим көп. Бирок, пенделердин ортосундагы күнөөлөр үчүн шапаат, кечирим жок. Адилеттик бар, сот бар. Туура болуп турса дагы адамдар сотко баруудан коркушат. Эң жакшысы элдешүүнү каалайт, сотко кайрылгысы келбейт. Же аныкы туура болсо? Акыретке бара жатканда карыздар болуп барбагыла. Аласалуу болуп баргыла. Заалым болбогула, мазлум болгула. Заалым берет, мазлум алат. Соопторубуздан беребиз аласалууларга, болбосо алардын күнөөлөрүн мойнубузга алабыз. "Меники туура” дегендердин көбү ал жерде туура эмес болуп чыгат.

* Көңүл сындыруу көп жылдык ибадаттардын жана зикирлердин бардык соопторун жок кылат. Бул ушундай бир дин, капырдын дагы көңүлүн сындыруу жок. Аллах-Пайгамбар деген бир мусулманды таарынтуу кайда?

* Шайтан адамга ибадат кылдыртат. Макул, кылган иштерибиздин Кудайдан же шайтандан экенин кантип билебиз? Шайтан толук динге ылайык, тагыраагы, ахли сүннөт итикадына ылайык түрдө ибадат кылдыртпайт. Кандайдыр бир кемчилик менен кылдыртат. Башкача айтканда, ошол ибадатты бузган, кабыл алдыртпаган бир кемчилик менен ибадат кылдыртат. Мисалы, 5 тыйын зекет карызыңыз бар. Аны сизге бергизбейт. Ага жакын жолотпойт. Анын ордуна миллиарддаган садака бердирет, кайрымдуулук жасаттырат. Мисалы, эки рекет каза намазыңыз бар. Аны сизге окутпайт, таңга чейин теспи, зикир чалдыртат, нафил намаз окутат, ыйлатат, сыздатат. Ал эми динибиз 5 тыйын зекетиңди бер деп жатат, эки рекет каза намазыңды оку деп жатат. Булар парз, диндин талабы, эсеби, азабы бар. Биз болсо эмне кылуудабыз? Жеке каалообузду кылып жатабыз, шайтандын каалоосун кылып жатабыз. Ошондуктан, динибизди туура көрүнүштө ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен үйрөнүүгө тийишпиз.

* Эмненин пайдалуу, эмненин зыяндуу экенин ажыраткан – бул Ислам дини. Адамдар пайдалуу деп эсептейт, зыяндуу болушу ыктымал. Зыяндуу деп эсептешет, пайдалуу болушу ыктымал. Эгер Аллаху таала билдирбегенде, адамдар биле алмак эмес. Ислам динин билген адам дүнүйөнүн зыянынан кутулат.

* Ибадаттын кабыл болушу үчүн шарттарына шайкеш болууга тийиш. Биринчиси, шарттарын үйрөнүү, андан кийин шарттарына шайкеш түрдө орундоо, үчүнчүсү, ихлас менен болууга тийиш. Ихлас менен болбогон ибадат эч нерсеге жарабайт.

* Адамдын напси башка бирөөдөн суроо сураттырбайт. Мен билемин дейт, ошол мен сөзү адамды курутат.

* Ийгиликке жетүү эки нерсеге көз каранды. Чынчылдык, сүйүү менен мамиле кылуу жана баары менен ынтымакта болуу.

* Адамдардын куруусуна себеп болчу нерсе экөө: биринчиси - өзүнө ишенүү, экинчиси - өзү сыяктуу бир алсызга ишенүү. Буларга эмес, Аллахка ишенүү зарыл.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш