Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Анын мүлкүндө Ага каршы чыгууга болобу?




Анын мүлкүндө Ага каршы чыгууга болобу?


Имам Раббани хазреттери айтат:

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек. Бүт өмүрдү пайдасыз иштер менен текке кетирбеш керек, Аллаху тааланын ыраазылыгына ылайык болгон нерселерге коротуу керек! Беш убак намазды тадил-и эркан менен жана жамаат менен окуу керек, тахажжуд намазын калтырбоо керек, таңкы убакыттарды истигфарсыз өткөрбөө керек, гафлет уйкусуна берилбөө керек, өлүмдү ойлоо керек, акыреттик нерселерге маани берип, убактылуу дүнүйөнүн арам болгон иштеринен баш тартып, түбөлүк болгон акыреттик иштерге кайтуу керек. Дүнүйөлүк иштер менен зарыл өлчөмдө алектенүү керек, калган убакыттарда акыретти жакшыртуу менен алек болуу керек.

Кыскасы, Аллахтан башка нерселерге болгон сүйүүдөн коргонуу керек жана денени диндин өкүмдөрүн аткаруу менен кооздоп, ошону менен алек болуу керек. Иш мына ушул, мындан башкасы эч нерсе эмес.

Абдул Куддус хазреттери дагы мындай дейт:

Убакттын баркын бил! Күнү-түнү илим үйрөнүүгө аракет кыл! Дайыма даараттуу бол! Беш маал намазды сүннөттөрү менен, тадил-и эрканы менен, хузур жана хушу менен окууга аракет кыл! Буларды орундаганда дүнүйөдө жана акыретте сансыз нематтарга ээ болосуң. Илим үйрөнүү ибадат үчүн. Кыяматта иштен суралат, көп илим үйрөндүңбү деп суралбайт. Иш жана ибадат болсо ихласка ээ болуу үчүн. Ихлас болсо – чыныгы мабуд жана эч кандай шартсыз бар болгон сүйүктүүнү [Аллаху тааланы] сүйүү үчүн.

Ибрахим Адхам хазреттери айтат:

1 – Эгер күнөө кыла турган болсоң Аллах берген ырыскыны жебе! Ырыскысын жеп туруп Ага каршы чыгууга болобу?

2 – Күнөө кыла турган кезиңде мүлкүнөн чыгып кет! Анын мүлкүндө Ага каршы чыгууга болобу?

3 – Күнөө кыла турган кезиңде Ал көрбөй турган жерде кыл! Анын мүлкүндө ырыскысын жеп, көргөн жерде күнөө кылууга болобу?

4 – Жан алуучу периште рухуңду алууга келгенде бираз мөөнөткө уруксат сурай аласыңбы же ошол периштени кууп сала аласыңбы? Андай болсо дароо тообо кыл! Анткени, ал периште капыстан келет.

5 – Мазарда периштелер суроо сураганда: "Мени сынабагыла”, - деп аларды кууп сала аласыңбы? Андай болсо азыртадан аларга жооп даярда!

6 – Кыяматта "Күнөөкөрлөр Жаханнамга...!” деп айтылган кезде, мен барбайм дей аласыңбы?

Аллаху таала: "Эй, пенделерим! Менден сурагыла! Кабыл аламын, беремин”, - деп жатат. Бирок, берилбегендер да болууда. Анткени, Ага дуба кылышат, бирок, моюн сунушпайт. Пайгамбарын таанышат, Ага баш ийишпейт. Куранды окушат, ал көрсөткөн жолдо болушпайт. Нематтарынан пайдаланышат, бирок, шүгүр кылышпайт. Бейиштин ибадат кылгандар үчүн экендигин билишет, бирок, ага даярдык көрүшпөйт. Жаханнамды каршы чыккандар үчүн даярдаганын билишет, Андан сактанышпайт. Ата-бабаларынын эмне болгонун көрүшөт, сабак алышпайт. Өзүлөрүнүн кемчиликтерин карашпайт, башкалардын кемчиликтерин изилдешет. Мындай адамдар баштарына таш жаабагандыгы үчүн, жерге кирип кетпегендиктери үчүн шүгүр кылышсын! Дубаларынын натыйжасы жалгыз ушул болсо жетпейби?

Имам Раббани хазреттери айтат:

Өлүү балакет эмес, өлгөндөн кийин башка түшө турган нерселерди ойлобоо балакет. Мазхабсыздык илхад. Ахли сүннөт аалымдарына баш ийгендерге сүйүнчүлөр болсун!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш