Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Күнөөлөр - күфүрдүн кабарчысы




Күнөөлөр - күфүрдүн кабарчысы


* Жүрөктүн Аллаху тааладан башкасына ыктоосу Аллаху тааланын азабын тездетет.

* Парз намаздарында кылынган дуба парз намаздын напил намаздан үстөмдүгү сыяктуу.

* Бир нерсеге муктаждык болгон учурда эмгектенип аны камсыз кылбоо, бала-чаканы кыйын абалга калтыруу – жахилдик жана жалкоолук.

* Напсине баш ийген адам кыйрайт. Эми анын жатканда жана турганда шериги шайтан болот.

* Алууну берүүдөн таттуу көргөн адам олуя боло албайт.

* Уу өлүмдүн кабарчысы болгондой эле, күнөөлөр да - күфүрдүн кабарчысы.

* Колуңду, дасторконуңду жана эшигиңди ачык карма! Көзүңдү, тилиңди жана белиңизди сакта!

* Ичи тарлардын эң төмөнү – ичи тардык кылган адамдагы нематтын жок болуусун каалайт.

* Жалгыз калганда да күнөөдөн тыйылуу зарыл.

* Пенде үчүн көркөм ахлактан жакшы мартаба жок. Адам көркөм ахлагы менен дүнүйө жана акыретте жогорку даражаларга жетет.

* Талашып-тартышуу пайда эшиктерин жабат.

* Ар дайым илим менен алек болуу адамдардын кемчиликтерин түшүнүүсүнө себеп болот.

* Эл арасында таанылууну каалагандар акыреттин даамын тата албайт.

* Макул деп айтууну үйрөнүү керек.

* Пенде канчалык көп дуба кылса, Аллаху таала андан ошончолук балээ-кыйынчылыктарды кетирет.

* Унчукпоо сага салабаттуулук берет жана сени кечирим суроодон куткарат.

* Адамдар адепке илимге караганда көбүрөөк муктаж.

* Жумшактык тезирээк тынчтанууга себеп болот жана кыйын нерселерди жеңилдетет.

* Адамды Аллаху тааладан алыстаткан нерселерге сүйүү – бардык жамандыктардын тамыры.

* Хайа (уяттуулук) – Аллаху таала жактырбаган жаман мүнөздөрдөн баш тартуу.

* Сөзү жана иштери менен сага Аллаху тааланы жана акыретти эстетпеген адам менен дос болбо!

* Эгер кимде-ким бир нерсенин өзүнө пайдалуу же зыяндуу экенин билбесе жахилдигин көрсөткөн болот.

* Коркок соодагер утпайт дагы, жоготпойт дагы; ал тургай зыянга учурайт.

* Адамдарды жек көрүү, төмөнсүнтүү - сен үчүн айыктырууга мүмкүн болбогон чоң илдет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш